Жаңылыктар

Медиа секторундагы реформаларды колдоо боюнча Кыргызстанда «Медиа Диалог» долбоору ачылды

Бишкек, 2020-жылдын 12-марты

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Медиа Диалог» долбоорунун бетачары болуп өтту. Бул долбоордун максаты шайлоолордун жана коомдук маанидеги иш-чараларды чагылдырууда медиа-ресурстарынын квалификациясын жана жоопкерчилигин жогорулатууда, демократиянын кыймылдаткыч күчү жана калыптандыруучу фактор катары иш алып баруу.

«Медиа Диалог» долбоору – медиа өкүлдөрүнүн коомдук ишмерлер жана жараандык коом менен бирге медиа тармакка тиешелүү көйгөйлөрдү талкулоо, көмөк көрсөтүү жана учурдагы медиа саясатты, ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу тууралуу баарлашуу.

Долбоор консорциум тарабынан ишке ашырылып, 5 уюмду ичине камтыйт: Демократия үчүн Европалык өнөктөштүгү (долбоордун алпаруучу өнөктөшү), Медиа полиси институту, ARTICLE 19, Демократия үчүн Вестминстер фонду жана ALDA – Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы.

Бенефициарлар жана өнөктөштөр болуп медиа ишмердигин жөнгө салган мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жана анын аймактык өкүлчүлүктөрү, саясий партиялар, мамлекеттик жана жеке ЖМКлар, алардын ассоциациялары, журналисттер жана редакторлор, медиа окутууну жүргүзгөн мекемелер, жарандык коомдук уюмдар, активисттер жана КРнын калкы эсептелишет.

Расмий иш-чараны Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы – элчи Эдуард Ауэр ачты. Бетачардын жүрүшүндө долбоордун максаттары, тапшырмалары, иш-чаралары жана аны ишке ашыруучу уюмдар туурасында жалпы маалымат берилди.

«Медиа Диалог» долбоорунун ачылышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министирликтеринин жана ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, элчиликтердин, ЖМКлардын жана коомдук бирикмелеридин өкүлдөрү катышышты.

 Кошумча маалымат алуу үчүн коммуникация боюнча координатору Гулайым Шигайбаевага байланышсаныздар болот: gulaiymshigaibaeva@epd.eu, +996552201234.

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound