Жаңылыктар

“Медиа Диалог” долбоору алкагында кыргыз тилинде медиа сабаттуулук боюнча онлайн окутуулар жүргүзүлөт

Урматтуу журналисттер,

Европа Биримдиги каржылаган “Медиа Диалог” долбоору Кыргызстанда медиа чөйрөнүн дараметин ал демократиянын кыймылдаткыч күчү жана стабилизациялоочу фактор катары иш алып бара ала турган кылып чыңдоого багытталган.

Долбоордун иш-чаралары негизги үч компонентке бөлүнөт: кесипкөйлүктү арттыруу, бардык кызыкдар тараптар менен диалог аркылуу ченемдик-укуктук чөйрөнү жакшыртууга көмөктөшүү жана ЖМКлардын экономикалык көз карандысыздыгын чыңдоо.

Долбоордун кесипкөйлүктү арттыруу компонентинин алкагында сиздер үчүн журналистика негиздери жана медиа сабаттуулук боюнча 40-мүнөттөн жалпысынан 20 тренинг өткөрүлөт.

Окутууну “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Марат Токоев алып барат.

Алгачкы онлайн окуутуга 28-апрель күнү саат 10:00до https://bit.ly/2VvfkZn шилтемеси аркылуу катыша аласыз.

Ар бир жаңы тренингдин алдында катталган катышуучуларга ZOOM платформасына шилтеменин жашыруун белгисин жиберебиз, алдын ала ZOOM программанын тиркемесин жүктөп алууңузду суранабыз.

Тренингке компьютер, ноутбук, смартфон аркылуу катышса болот.

Окууга катышкысы келген журналисттер “Медиа Диалог” долбоорунун коммуникация боюнча координатору Гулайым Шигайбаевага жазып каттоодон өтсөңүздөр болот: +552201234, gulaiymshigaibaeva@epd.eu

Биринчи окутуунун темасы “Жаңылыкты жазуу: журналистикасынын негиздери”

 28 – апрель, саат 10:00 1-сабак: Жаңылык деген эмне? Жаңылыктын түрлөрү кандай? Жаңылыктын объективдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү: толук маалыматтуулук, тактык, бейтараптуулук.

Тренинг учурунда ушул суроолорго жооп аласыңар:

  • жаңылык кадимки маалыматтан эмнеси менен айырмаланат;
  • эмне үчүн жаңылык объективдүү болушу керек: толук, так жана бейтарап;
  • жаңылыктын объективдүү болушуна жетүүнүн жолдору;
  • жаңылыктын структурасы (түзүлүшү) ж.б.

Кийинки темалардын күнү жана саатын анонс кылабыз, алар төмөндөгүдөй:

  • Аналитикалык журналистиканын негиздери
  • Интернет-журналистиканын негиздери
  • Маалыматты издөөнүн жана тастыктоонун аспаптары
  • Коомдук тармактар
  • Журналисттер үчүн пайдалуу онлайн аспаптар
Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound