Бюллетень

«Медиа Диалог» долбоорунун №7 маалыматтык бюллетени

«Медиа Диалог» долбоорунун маалыматтык бюллетени
Бишкек, 2020-жылдын 6-августу

Биз 2020-жылдын 4-октябрына пландалган парламенттик шайлоого карата маалыматтык материалдарды өндүрүүнү колдоого багытталган жаңы гранттык сынак жарыялайбыз. «Медиа Диалог» долбоорунун гранттык программасынын негизги максаты – сөз эркиндигин коргоп, мыйзам тартибинин сакталышына байкоо жүргүзгөн медиаларга жана жарандык уюмдарга колдоо көрсөтүү. Дебаттар үчүн ачык аянтча сунуштап, коомчулукту агартуу иштери менен алектенишет, мунусу менен шайлоо процессинин декмократиялуулугун камсыздап келишмекчи. Кызыкдар талапкерлерге 2020-жылдын 17-августуна чейин арыз тапшыруу сунушталат. Аталган сынак менен байланышкан каалаган суроолорду 12-августка чейин cholponbolotbekova@epd.eu электрондук дарегине жазуу түрүндө берүүгө болот, “темасы” деген сабында «Вопросы о конкурсе на получение грантов» (“Грант алуу боюнча сынак туурасында суроолор”) деп көрсөтүү керек.

Бул жумада биз жеке коргонуучу каражаттарын жана «Пресса» деген жазуусу бар жилеткаларды аймактардагы сегиз редакция менен медиа уюмга таратып берип, көз карандысыз журналисттерге жана фрилансерлерге колдоо көрсөттүк. Буга чейин биз журналисттердин өз ишин алып баруусунда COVID-19-дун жайылуусун азайтуу максатында он эки редакцияга жеке коргонуучу каражаттарын жана жилеткаларды тапшырганбыз. «Новые лица» интернет-гезитинин редактору Лейла Саралаева алар «Медиа Диалог» долбоорунун колдоосун сезип, эми Кыргызстандагы актуалдуу окуялар туурасында репортаждарын алып баруусун уланта алат деп билдирип, социалдык тармактар аркылуу ыраазычылык айтты.

«Медиа Диалог» долбоорунун шериги болгон Медиа полиси институту тарабынан 2020-жылдын майынан июнуна чейин журналисттер жана редакторлор үчүн парламентаризм, мыйзам чыгаруу, саясий режимдер жана партиялар шайлоо системалары ж. у. с. аттуу темаларга бир катар вебинарлар өткөрүлдү. Семинарларды жергиликтүү эксперттер менен катар эл аралык адистер да өткөрдү. Бул темаларды чагылдырган журналисттерди мындан ары колдоо максатында жергиликтүү эксперт Айсулуу Текимбаева шайлоочуларды саясий режим, шайлоо процесси, саясий партиялардын түзүмү жана өнүгүүсү менен тааныштырууда колдонууга ылайыкталган окуу материалдарын иштеп чыкты. Бул материалдар ММКлар өкүлдөрүнө 2020-жылдын 4 жана 6-августунда өтө турган тренерлерди окутуу боюнча тренингдерде (ТоТ) берилмекчи. Семинарлардан кийин редакторлор өз кызматкерлерине окуу өткөрүп, аларды коомчулук үчүн маалыматтык материалдарды даярдоо үчүн керектүү жана шайлоочуларга 2020-жылдын 04-октябрында баамдалган тандоо жасоосу үчүн мүмкүнчүлүк берүүдө керектүү билим менен камсыздашмакчы.

«Медиа Диалог» долбоорунун грант ээлеринин иши улантылып жатат, алсак TV1KG Covid-19-га арналган бир катар кыргыз тилиндеги кызыктуу материалдарды чыгарды:  Изилдөөчү жана эпидемиолог Айжан Дооронбекова менен COVID-19 илдети менен күрөшүү туурасында маектешүү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова менен COVID-19 маалында дары-дармектерди колдонуу туурасында маектешүү. Биз долбоордун грант ээлеринин Кыргызстан калкын актуалдуу, текшерилген жана маанилүү маалымат менен камсыз кылып, медиа чөйрөнүн бекемделишине жол берип жатканын көрүүгө кубанычтабыз.

 

Биздин “Медиа Диалог” долбоорубуз Европа Биримдигинин “Стабилдүүлүк жана бейпилдикке түрткү берүүчү куралы” аркылуу каржыланат жана 2021-жылдын аягына чейин уланат. Долбоордун максаты – Кыргызстандагы медиа секторду шайлоого чейинки, шайлоо маалындагы жана шайлоодон кийинки убакыттарда колдоо. Биз  медиа акторлордун Кыргызстандын жарандарына шайлоого байланыштуу так жана ынанымдуу контент тартуулашына түрткү берүүчү тренингдерди жана иш-чараларды өткөрөбүз.

Биз басма, онлайн жана телерадиоберүү тармагындагы ЖМКлар менен жана ошондой эле продюсерлер, журналисттер жана онлайн-активисттер менен иштешебиз. Биздин иш-чаралар алардын редакциялык стандарттарын жакшыртууга, санариптик жөндөмдөрүн арттырууга жана контент өндүрүүдө инновациялык методдорду колдонуусуна салым кошот. Биз ЖМК жана эдвокаси чөйрөсүндөгү социалдык пайдалуу долбоорлорго каражат бөлүү менен медиа уюмдарды колдойбуз.

Медиа секторду өнүктүрүүнү көздөгөн диалогдорубуз мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, парламенттин депутаттарын, жарандык коомдун уюмдарын, саясий партияларды өзүнө тартат. Биз ЖМК секторундагы өзүн-өзү башкарууну күчөтүп, аны мурдагыдан ийкемдүү, туруктуу, суроо-талапка ээ, таанымал кылуу максатында медиа коомчулук жана жарандык коом менен кызматташабыз. Биздин кастык тилине каршы  багытталган семинар жана гранттык колдообуз, өзүнө жалпыга маалымдоо каражаттарын, чечим кабыл алуучу жактарды, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди камтыйт.

“Медиа Диалог” долбоорунун гранттык колдоосу Кыргызстанда улуттук контентти түзүү жана жогорку сапаттагы журналистиканы колдоо менен медиа-чөйрөнү өнүктүрүүгө жардам берет. Субгранттар медиа ишканаларга, коомчулукка демократиялык медиа-чөйрөнүн түзүүчүсү болгон сөз эркиндигин жана эркин пикир билдирүүнү колдоонун зарылчылыгын, кол жетимдүү маалыматтын баалуулугун түшүндүрүүчү эффективдүү эдвокасы кампанияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Биздин программа ЖМКларды экономикалык көз карандысыздыкка жеткирүү максатында, монетизация тууралуу семинарлар, санарип контент өндүрүү боюнча инновациялык иш-чаралар жана жаңы медианы жаратуу  үчүн инновациялык демилгелерди камтыйт. Мындан тышкары биз Кыргызстандын журналистика багытында билим берген жогорку  окуу жайлары жана мекемелери менен иштешүүнү пландап жатабыз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн медиа сферадагы эл аралык жана улуттук эксперттер чакырылууда.

Долбоор тууралуу кошумча маалымат,  азыркы жана болочок мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алуу үчүн долбоордун кызматкери Асель Молдокматова менен байланышыңыздар: +996504222408 же эл.почта aselmoldokmatova@epd.eu , долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева +996504222407 cholponnogoibaeva@epd.eu

 COVID-19 га байланыштуу өнүгүп жаткан кырдаалда “Медиа Диалог” долбоору өз ишин ДСУнун көрсөтмөлөрүнө жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн ички тартибине жараша улантат.

Биздин максат бенефициарларыбыздын, эксперттерибиздин жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугун вируска байланыштуу тобокелге салбастан, ошол эле учурда пландалган иштерди жана иш-чараларды аткаруу,  долбоордун максаттарынын ишке ашуусуна күч жумшоо жана бүгүнкү чектеген кыйын кырдаалда да долбоордун эффективдүүлүгүн сактоого аракет кылуу.

№7 маалыматтык бюллетени

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound