Бюллетень

«Медиа Диалог» долбоорунун №5 маалыматтык бюллетени

«Медиа Диалог» долбоорунун маалыматтык бюллетени
Бишкек, 2020-жылдын 23-июлу

Медиа полиси институту маалыматка жеткиликти чектөө максатындагы бузуп сындыруу жана мыйзамсыз кирүүнү алдын алуу боюнча чаралар туурасында блогерлер менен социалдык тармактын колдонуучуларынын маалым болушун жогорулатуу максатында 2020-жылдын 23-июлунда социалдык тармактардагы санарип коопсуздугу боюнча вебинар өткөрмөкчү.

«Медиа Диалог» долбоору алдыдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө жек көрүү менен кастыкты күч алдырган социалдык медиада пайда боло турган билдирүүлөргө мониторинг жүргүзүү максатында Кыргызстандагы медиа уюмдарды колдоп, жаңы гранттык сынакты ишке киргизет. Гранттар программасы Жергиликтүү демократиянын Европалык биримдиги (ALDA Europe) тарабынан башкарылып, аталган сынактын конкреттүү максаты – алдыдагы шайлоолор алкагында медиа ресурстарга, анын ичинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү жаатында демилгелерди колдоо. Кошумча маалымат жана сынак шарттарын билүү үчүн https://bit.ly/2CZI7Pb шилтемеси боюнча өтүңүздөр.

Июнь айынын аягында «Медиа Диалог» долбоору мамлекеттик жана көз карандысыз журналисттерди, редакторлорду, блогерлерди жана таасирлүү адамдарды фокус-топтордун төрт жолугушуусуна чакырып, Кыргызстандагы ММКлар жаатына тиешелүү өнүгүү тенденциялары менен көйгөйлөрүн талдап, өзгөчө Covid-19 кризисинде туулган кыйынчылыктагы ММКларды колдоо жана өнүктүрүү жолдорун талкууга алган. Катышуучулар “Маалыматты бурмалоо жөнүндө” жаңы мыйзам туурасында тынчсызданууларын билдиришкен, аталган мыйзам «Медиа Диалог» долбоорунун эксперти тарабынан кылдат талданып, Kaktus media, Полит Клиника, TV1KG, Элгезит ж. б. сыяктуу ММКлар тарабынан жарыяланган.

 

Биздин “Медиа Диалог” долбоорубуз Европа Биримдигинин “Стабилдүүлүк жана бейпилдикке түрткү берүүчү куралы” аркылуу каржыланат жана 2021-жылдын аягына чейин уланат. Долбоордун максаты – Кыргызстандагы медиа секторду шайлоого чейинки, шайлоо маалындагы жана шайлоодон кийинки убакыттарда колдоо. Биз  медиа акторлордун Кыргызстандын жарандарына шайлоого байланыштуу так жана ынанымдуу контент тартуулашына түрткү берүүчү тренингдерди жана иш-чараларды өткөрөбүз.

Биз басма, онлайн жана телерадиоберүү тармагындагы ЖМКлар менен жана ошондой эле продюсерлер, журналисттер жана онлайн-активисттер менен иштешебиз. Биздин иш-чаралар алардын редакциялык стандарттарын жакшыртууга, санариптик жөндөмдөрүн арттырууга жана контент өндүрүүдө инновациялык методдорду колдонуусуна салым кошот. Биз ЖМК жана эдвокаси чөйрөсүндөгү социалдык пайдалуу долбоорлорго каражат бөлүү менен медиа уюмдарды колдойбуз.

Медиа секторду өнүктүрүүнү көздөгөн диалогдорубуз мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, парламенттин депутаттарын, жарандык коомдун уюмдарын, саясий партияларды өзүнө тартат. Биз ЖМК секторундагы өзүн-өзү башкарууну күчөтүп, аны мурдагыдан ийкемдүү, туруктуу, суроо-талапка ээ, таанымал кылуу максатында медиа коомчулук жана жарандык коом менен кызматташабыз. Биздин кастык тилине каршы  багытталган семинар жана гранттык колдообуз, өзүнө жалпыга маалымдоо каражаттарын, чечим кабыл алуучу жактарды, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди камтыйт.

“Медиа Диалог” долбоорунун гранттык колдоосу Кыргызстанда улуттук контентти түзүү жана жогорку сапаттагы журналистиканы колдоо менен медиа-чөйрөнү өнүктүрүүгө жардам берет. Субгранттар медиа ишканаларга, коомчулукка демократиялык медиа-чөйрөнүн түзүүчүсү болгон сөз эркиндигин жана эркин пикир билдирүүнү колдоонун зарылчылыгын, кол жетимдүү маалыматтын баалуулугун түшүндүрүүчү эффективдүү эдвокасы кампанияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Биздин программа ЖМКларды экономикалык көз карандысыздыкка жеткирүү максатында, монетизация тууралуу семинарлар, санарип контент өндүрүү боюнча инновациялык иш-чаралар жана жаңы медианы жаратуу  үчүн инновациялык демилгелерди камтыйт. Мындан тышкары биз Кыргызстандын журналистика багытында билим берген жогорку  окуу жайлары жана мекемелери менен иштешүүнү пландап жатабыз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн медиа сферадагы эл аралык жана улуттук эксперттер чакырылууда.

Долбоор тууралуу кошумча маалымат,  азыркы жана болочок мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алуу үчүн долбоордун кызматкери Асель Молдокматова менен байланышыңыздар: +996504222408 же эл.почта aselmoldokmatova@epd.eu , долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева +996504222407 cholponnogoibaeva@epd.eu

 COVID-19 га байланыштуу өнүгүп жаткан кырдаалда “Медиа Диалог” долбоору өз ишин ДСУнун көрсөтмөлөрүнө жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн ички тартибине жараша улантат.

Биздин максат бенефициарларыбыздын, эксперттерибиздин жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугун вируска байланыштуу тобокелге салбастан, ошол эле учурда пландалган иштерди жана иш-чараларды аткаруу,  долбоордун максаттарынын ишке ашуусуна күч жумшоо жана бүгүнкү чектеген кыйын кырдаалда да долбоордун эффективдүүлүгүн сактоого аракет кылуу.

№5 маалыматтык бюллетени

 

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound