Бюллетень

«Медиа Диалог» долбоорунун №4 маалыматтык бюллетени

«Медиа Диалог» долбоорунун маалыматтык бюллетени
Бишкек, 2020-жылдын 16-июлу

500 респиратордук беткап, 150 коргоочу комбинезон жана термометр, 2000 колкап, 100 коргоочу калкан, жана дезинфекциялоочу каражаттары «Медиа Диалог» долбоорунун шериги Демократия үчүн Европалык шериктик тарабынан он эки медиа уюмга берилди. Журналисттерге жеке коргоочу каражаттарын (ЖКК) берүү ою фокус-топтордо редакторлор менен бир катар жолугушууларды өткөрүүдө, алардын кызматкерлери өз ишин аткарууда COVID-19-ту жугузуп алат деп кооптонууларын билдиргенден кийин пайда болгон. Жеке коргонуучу каражаттары долбоор алкагында жеке ММКлар катарында эле, Өкмөт керектүү коргоочу комплектилери менен камсыздай электиги анык болгондон кийин мамлекеттик ММКларга да берилген. Учурда Бишкек Кыргызстандагы инфекция очогу болуп, борбор калаада журналисттер менен редакторлор катарында өлүм учурлары катталды. Социалдык тармак аркылуу долбоорго ыраазычылыгын билдирип редакторлордун бири, эми алар пандемияны чагылдырууга ишенимдүү кадам шилтеп, Өкмөттү медициналык персоналды коргоого болгон ресурстарды жумшоосуна чакырды.

«Медиа Диалог» долбоорунун алкагында ALDA тарабынан жарыяланган биринчи гранттык сынактын жеңүүчүлөрү 9-июлда долбоор өкүлдөрү менен биргеликте онлайн иш-чара өткөрүштү, анда Kaktus Media, 24.kg, TV1KG жана Salam Media Кыргызстандагы пандемия маалында сөз эркиндигин колдоо жаатында шериктешүү маселелерин талкууга алышты. Талкуудан соң грант ээлери TV1KG каналында 11-июль күнү «Вечер трудного дня» берүүсүндө көрсөтүлгөн «Свобода выражения мнений в Интернете» (“Интернетте көз караштарды билдирүү эркиндиги”) теле  алып баруусун уюштурушту. Kaktus Media редактору Дина Маслова жана 24.kg долбоорунун менеджери Анна Тимофеенко теле алып баруунун негизги спикерлери катары катышышты.

Парламент тарабынан кабыл алынган же иштеп чыгуу баскычындагы жана да өлкөдө жана анын чегинен сырткары көп сандуу сын жараткан жаңы мыйзам долбоору боюнча талдоочу жана кеңеш берүү иштери уланып жатат. Эксперттер жана долбоор шериги Медиа полиси институту учурда акыркы мыйзам боюнча изилдөөнү даярдоо аракеттинин жыйынтыктоочу баскычында турушат, сынчылар айтымында бул мыйзам Кыргызстандагы өз пикирин билдирүү эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп билдиришет.

 

Биздин “Медиа Диалог” долбоорубуз Европа Биримдигинин “Стабилдүүлүк жана бейпилдикке түрткү берүүчү куралы” аркылуу каржыланат жана 2021-жылдын аягына чейин уланат. Долбоордун максаты – Кыргызстандагы медиа секторду шайлоого чейинки, шайлоо маалындагы жана шайлоодон кийинки убакыттарда колдоо. Биз  медиа акторлордун Кыргызстандын жарандарына шайлоого байланыштуу так жана ынанымдуу контент тартуулашына түрткү берүүчү тренингдерди жана иш-чараларды өткөрөбүз.

Биз басма, онлайн жана телерадиоберүү тармагындагы ЖМКлар менен жана ошондой эле продюсерлер, журналисттер жана онлайн-активисттер менен иштешебиз. Биздин иш-чаралар алардын редакциялык стандарттарын жакшыртууга, санариптик жөндөмдөрүн арттырууга жана контент өндүрүүдө инновациялык методдорду колдонуусуна салым кошот. Биз ЖМК жана эдвокаси чөйрөсүндөгү социалдык пайдалуу долбоорлорго каражат бөлүү менен медиа уюмдарды колдойбуз.

Медиа секторду өнүктүрүүнү көздөгөн диалогдорубуз мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, парламенттин депутаттарын, жарандык коомдун уюмдарын, саясий партияларды өзүнө тартат. Биз ЖМК секторундагы өзүн-өзү башкарууну күчөтүп, аны мурдагыдан ийкемдүү, туруктуу, суроо-талапка ээ, таанымал кылуу максатында медиа коомчулук жана жарандык коом менен кызматташабыз. Биздин кастык тилине каршы  багытталган семинар жана гранттык колдообуз, өзүнө жалпыга маалымдоо каражаттарын, чечим кабыл алуучу жактарды, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди камтыйт.

“Медиа Диалог” долбоорунун гранттык колдоосу Кыргызстанда улуттук контентти түзүү жана жогорку сапаттагы журналистиканы колдоо менен медиа-чөйрөнү өнүктүрүүгө жардам берет. Субгранттар медиа ишканаларга, коомчулукка демократиялык медиа-чөйрөнүн түзүүчүсү болгон сөз эркиндигин жана эркин пикир билдирүүнү колдоонун зарылчылыгын, кол жетимдүү маалыматтын баалуулугун түшүндүрүүчү эффективдүү эдвокасы кампанияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Биздин программа ЖМКларды экономикалык көз карандысыздыкка жеткирүү максатында, монетизация тууралуу семинарлар, санарип контент өндүрүү боюнча инновациялык иш-чаралар жана жаңы медианы жаратуу  үчүн инновациялык демилгелерди камтыйт. Мындан тышкары биз Кыргызстандын журналистика багытында билим берген жогорку  окуу жайлары жана мекемелери менен иштешүүнү пландап жатабыз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн медиа сферадагы эл аралык жана улуттук эксперттер чакырылууда.

Долбоор тууралуу кошумча маалымат,  азыркы жана болочок мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алуу үчүн долбоордун кызматкери Асель Молдокматова менен байланышыңыздар: +996504222408 же эл.почта aselmoldokmatova@epd.eu , долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева +996504222407 cholponnogoibaeva@epd.eu

 COVID-19 га байланыштуу өнүгүп жаткан кырдаалда “Медиа Диалог” долбоору өз ишин ДСУнун көрсөтмөлөрүнө жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн ички тартибине жараша улантат.

Биздин максат бенефициарларыбыздын, эксперттерибиздин жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугун вируска байланыштуу тобокелге салбастан, ошол эле учурда пландалган иштерди жана иш-чараларды аткаруу,  долбоордун максаттарынын ишке ашуусуна күч жумшоо жана бүгүнкү чектеген кыйын кырдаалда да долбоордун эффективдүүлүгүн сактоого аракет кылуу.

№4 маалыматтык бюллетени

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound