Бюллетень

«Медиа Диалог» долбоорунун №13 маалыматтык бюллетени

«Медиа Диалог» долбоорунун маалыматтык бюллетени
Бишкек, 2020-жылдын 17-сентябры

2020-жылдын 17-сентябрында «Медиа Диалог» долбоору 2020-жылдагы парламенттик шайлоо маалындагы социалдык тармактарга жана интернет ресурстарга мониторинг жүргүзүүгө жарыяланган гранттык сынактын жеңүүчүлөрү «Независимый Союз Журналистов» жана «Kloop» үчүн онлайн сессия өткөрдү. Онлайн сессия маалында грант ээлери социалдык тармактарга жана медиа ресурстарга мониторинг жүргүзүүнүн маанилүү аспектилерин эл аралык эксперт менен бирге талкууга алышты.

2020-жылдын 18-сентябрында «Медиа Диалог» долбоорунун шериктери «Жергиликтүү демократиянын Европалык биримдиги» жана «Демократия үчүн Европалык шериктиги» экинчи жана үчүнчү гранттык сынактын 11 медиа-уюм-жеңүүчүлөрү үчүн финансылык жана административдик маселелер боюнча вебинар уюштурмакчы.

«Медиа Диалог» долбоорунун шериги Медиа полиси институту Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы шайлоочуларды маалымдоо боюнча иш тобуна катышып келет. Иш тобу шайлоочуларды маалымдоо жана үгүттөө эрежелери боюнча шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин бузулган учурларын караштырат.

«Медиа Диалог» долбоорунун грант ээси «24.kg» маалыматтык агенттиги мамлекет тарабынан эл аралык укукту жана Кыргызстан тарабынан кол коюлган эл аралык келишимдерди сактоосу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинине өзгөртүүлөрдү киргизүү темасына карата 4 макала жарыялады. (макалаларга шилтемелер: https://24.kg/obschestvo/162479; https://24.kg/obschestvo/163091; https://24.kg/vlast/163483; https://24.kg/vlast/163751).

«Медиа Диалог» долбоорунун 2020-жылдын 1-4-сентябрына чейин болуп өткөн семинар маалында медиа сектор өкүлдөрүнөн уюшулган демилгечи тобу медиа сектордун Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо максатында саясий партияларга кайрылуу жасады. Кайрылуу тексти медиа уюмдар арасында жана социалдык тармактарда жайылтылмакчы.

 

Биздин “Медиа Диалог” долбоорубуз Европа Биримдигинин “Стабилдүүлүк жана бейпилдикке түрткү берүүчү куралы” аркылуу каржыланат жана 2021-жылдын аягына чейин уланат. Долбоордун максаты – Кыргызстандагы медиа секторду шайлоого чейинки, шайлоо маалындагы жана шайлоодон кийинки убакыттарда колдоо. Биз  медиа акторлордун Кыргызстандын жарандарына шайлоого байланыштуу так жана ынанымдуу контент тартуулашына түрткү берүүчү тренингдерди жана иш-чараларды өткөрөбүз.

Биз басма, онлайн жана телерадиоберүү тармагындагы ЖМКлар менен жана ошондой эле продюсерлер, журналисттер жана онлайн-активисттер менен иштешебиз. Биздин иш-чаралар алардын редакциялык стандарттарын жакшыртууга, санариптик жөндөмдөрүн арттырууга жана контент өндүрүүдө инновациялык методдорду колдонуусуна салым кошот. Биз ЖМК жана эдвокаси чөйрөсүндөгү социалдык пайдалуу долбоорлорго каражат бөлүү менен медиа уюмдарды колдойбуз.

Медиа секторду өнүктүрүүнү көздөгөн диалогдорубуз мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, парламенттин депутаттарын, жарандык коомдун уюмдарын, саясий партияларды өзүнө тартат. Биз ЖМК секторундагы өзүн-өзү башкарууну күчөтүп, аны мурдагыдан ийкемдүү, туруктуу, суроо-талапка ээ, таанымал кылуу максатында медиа коомчулук жана жарандык коом менен кызматташабыз. Биздин кастык тилине каршы  багытталган семинар жана гранттык колдообуз, өзүнө жалпыга маалымдоо каражаттарын, чечим кабыл алуучу жактарды, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди камтыйт.

“Медиа Диалог” долбоорунун гранттык колдоосу Кыргызстанда улуттук контентти түзүү жана жогорку сапаттагы журналистиканы колдоо менен медиа-чөйрөнү өнүктүрүүгө жардам берет. Субгранттар медиа ишканаларга, коомчулукка демократиялык медиа-чөйрөнүн түзүүчүсү болгон сөз эркиндигин жана эркин пикир билдирүүнү колдоонун зарылчылыгын, кол жетимдүү маалыматтын баалуулугун түшүндүрүүчү эффективдүү эдвокасы кампанияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Биздин программа ЖМКларды экономикалык көз карандысыздыкка жеткирүү максатында, монетизация тууралуу семинарлар, санарип контент өндүрүү боюнча инновациялык иш-чаралар жана жаңы медианы жаратуу  үчүн инновациялык демилгелерди камтыйт. Мындан тышкары биз Кыргызстандын журналистика багытында билим берген жогорку  окуу жайлары жана мекемелери менен иштешүүнү пландап жатабыз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн медиа сферадагы эл аралык жана улуттук эксперттер чакырылууда.

Долбоор тууралуу кошумча маалымат,  азыркы жана болочок мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алуу үчүн долбоордун кызматкери Асель Молдокматова менен байланышыңыздар: +996504222408 же эл.почта aselmoldokmatova@epd.eu , долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева +996504222407 cholponnogoibaeva@epd.eu

 COVID-19 га байланыштуу өнүгүп жаткан кырдаалда “Медиа Диалог” долбоору өз ишин ДСУнун көрсөтмөлөрүнө жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн ички тартибине жараша улантат.

Биздин максат бенефициарларыбыздын, эксперттерибиздин жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугун вируска байланыштуу тобокелге салбастан, ошол эле учурда пландалган иштерди жана иш-чараларды аткаруу,  долбоордун максаттарынын ишке ашуусуна күч жумшоо жана бүгүнкү чектеген кыйын кырдаалда да долбоордун эффективдүүлүгүн сактоого аракет кылуу.

№13 маалыматтык бюллетени

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound