Бюллетень

«Медиа Диалог» долбоорунун №12 малыматтык бюллетени

«Медиа Диалог» долбоорунун малыматтык бюллетени
Бишкек, 2020-жылдын 10-сентябры

Кыргызстандын 13 саясий партиясынын өкүлдөрү Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту, аталган меморандум «Медиа Диалог» долбоорунун шериги Демократия үчүн Вестминстердик фонддун (WFD) колдоосунда Борбордук шайлоо комиссиясы жана «Гражданская платформа» КФсы менен кызматташтыкта иштелип чыккан. Кол коюлган Меморандум жүрүм-турум кодекси катары чыгып, партиялар шайлоо алдындагы кампания маалында жетекчиликке ала турган принциптерди өзүнө камтыйт. Меморандумдун негизги бөлүгү болуп шайлоо кампаниясынын маалындагы, өзгөчө интернет, социалдык тармактар жана башка каналдар аркылуу кастык тилин алдын алуу саналат. Меморандумдун бекитилиши демократиялык принциптерге негизделген ачык шайлоо процессин камсыздамакчы.

«Медиа Диалог» долбоорунун шериги Медиа полиси институту шайлоону чагылдырууда аналитикалык материалдардын сапатын жогорулатуу боюнча тренерлер үчүн тренинг (ТоТ) өткөрдү. Тренингдин чакырылган эксперти анын негизинде редакциялар өздөрүнүн актуалдуу материалдарын түзө ала турган контент-планды иштеп чыкты. ММКнын бир нече башкы редактору кызматкерлери контент-планы менен таанышып, сунушталган темалар негизинде эксперттин катышуусунда кандай материал даярдай тургандарын талкуулашы үчүн өз редакцияларында тернингдерди өткөрүштү.

«Медиа Диалог» долбоору Кыргызстандын он бир медиа уюмуна медиа ресурстарга, анын ичинде социалдык тармактарга кастык тилин колдонбоосуна мониторинг жүргүзүүсү үчүн гранттарды бөлүп берет. Ошондой эле шайлоочулар үчүн алардын 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого катышуу укугу туурасында маалыматтык материалдарды өндүрүү үчүн. Расмий онлайн жолугушууда сынак финалисттери «Медиа Диалог» долбоорунун гранттык ээлери долбоор циклин башкаруу, долбоорду ишке ашыруу жана отчеттуулук талаптары боюнча презентациясын сунушташты. Грант ээлери шайлоо маалында ММКлар ишинин регламенти туурасында кабар алып, алар сунуштаган социалдык медиалар мониторингинин методологиясын жакшыртуу боюнча сунуштарды алышты.

 

Биздин “Медиа Диалог” долбоорубуз Европа Биримдигинин “Стабилдүүлүк жана бейпилдикке түрткү берүүчү куралы” аркылуу каржыланат жана 2021-жылдын аягына чейин уланат. Долбоордун максаты – Кыргызстандагы медиа секторду шайлоого чейинки, шайлоо маалындагы жана шайлоодон кийинки убакыттарда колдоо. Биз  медиа акторлордун Кыргызстандын жарандарына шайлоого байланыштуу так жана ынанымдуу контент тартуулашына түрткү берүүчү тренингдерди жана иш-чараларды өткөрөбүз.

Биз басма, онлайн жана телерадиоберүү тармагындагы ЖМКлар менен жана ошондой эле продюсерлер, журналисттер жана онлайн-активисттер менен иштешебиз. Биздин иш-чаралар алардын редакциялык стандарттарын жакшыртууга, санариптик жөндөмдөрүн арттырууга жана контент өндүрүүдө инновациялык методдорду колдонуусуна салым кошот. Биз ЖМК жана эдвокаси чөйрөсүндөгү социалдык пайдалуу долбоорлорго каражат бөлүү менен медиа уюмдарды колдойбуз.

Медиа секторду өнүктүрүүнү көздөгөн диалогдорубуз мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, парламенттин депутаттарын, жарандык коомдун уюмдарын, саясий партияларды өзүнө тартат. Биз ЖМК секторундагы өзүн-өзү башкарууну күчөтүп, аны мурдагыдан ийкемдүү, туруктуу, суроо-талапка ээ, таанымал кылуу максатында медиа коомчулук жана жарандык коом менен кызматташабыз. Биздин кастык тилине каршы  багытталган семинар жана гранттык колдообуз, өзүнө жалпыга маалымдоо каражаттарын, чечим кабыл алуучу жактарды, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди камтыйт.

“Медиа Диалог” долбоорунун гранттык колдоосу Кыргызстанда улуттук контентти түзүү жана жогорку сапаттагы журналистиканы колдоо менен медиа-чөйрөнү өнүктүрүүгө жардам берет. Субгранттар медиа ишканаларга, коомчулукка демократиялык медиа-чөйрөнүн түзүүчүсү болгон сөз эркиндигин жана эркин пикир билдирүүнү колдоонун зарылчылыгын, кол жетимдүү маалыматтын баалуулугун түшүндүрүүчү эффективдүү эдвокасы кампанияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Биздин программа ЖМКларды экономикалык көз карандысыздыкка жеткирүү максатында, монетизация тууралуу семинарлар, санарип контент өндүрүү боюнча инновациялык иш-чаралар жана жаңы медианы жаратуу  үчүн инновациялык демилгелерди камтыйт. Мындан тышкары биз Кыргызстандын журналистика багытында билим берген жогорку  окуу жайлары жана мекемелери менен иштешүүнү пландап жатабыз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн медиа сферадагы эл аралык жана улуттук эксперттер чакырылууда.

Долбоор тууралуу кошумча маалымат,  азыркы жана болочок мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алуу үчүн долбоордун кызматкери Асель Молдокматова менен байланышыңыздар: +996504222408 же эл.почта aselmoldokmatova@epd.eu , долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева +996504222407 cholponnogoibaeva@epd.eu

 COVID-19 га байланыштуу өнүгүп жаткан кырдаалда “Медиа Диалог” долбоору өз ишин ДСУнун көрсөтмөлөрүнө жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн ички тартибине жараша улантат.

Биздин максат бенефициарларыбыздын, эксперттерибиздин жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугун вируска байланыштуу тобокелге салбастан, ошол эле учурда пландалган иштерди жана иш-чараларды аткаруу,  долбоордун максаттарынын ишке ашуусуна күч жумшоо жана бүгүнкү чектеген кыйын кырдаалда да долбоордун эффективдүүлүгүн сактоого аракет кылуу.

№12 маалыматтык бюллетени

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound