Биздин грант алуучулар


“24.kg” МА  Кыргызстандын маалымат рыногунда 14 жылдан бери иштеп келаткан көз карандысыз жеке ЖМК болуп саналат. Ал коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык жаңылыктарды үч тилде – орус, кыргыз жана англис тилинде тартуулайт. “24.KG” МА 2020-жылдын июлунан ноябрына чейин Медиа Диалог долбоорунун гранттык программасынын алкагында “Маалыматка жеткиликтүүлүк, сөз эркиндиги менен ЖМКны коргоо жана Кыргызстандын жарандарынын укугун коргоо боюнча маалыматтык эдвокаси кампаниясы” долбоорун ишке ашырды. Долбоор жарандардын мыйзамдуу укугун сактоого, ошондой эле Кыргызстанда мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугуна  жана отчеттуулугуна көмөктөшүүгө багытталган. “24.KG” МА маалыматтык кампаниясынын натыйжасында маалыматты манипуляциялоо жөнүндө жана Кылмыш-процессуалдык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү сыяктуу эки мыйзам долбоору менен байланышкан укуктук чакырыктар, ошондой эле алардын жарандардын укугуна тийгизген таасири тууралуу маалымдуулукту арттырды. Мындан тышкары тыкыр анализдердин сериясы Кыргызстандын укуктук базасын эл аралык милдеттенмелерге шайкеш келтирүүнүн зарылдыгы жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатты.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышып чыгыңыз:

Кыргызстанда сөз эркиндигин муунтууга жасалган он үч аракет

Кыргызстанда сөз эркиндигин чектөө аракети: паровоздун алдында

Кыргызстандыктар адилеттүүлүккө болгон укугунан ажыратылышы мүмкүн. Мыйзам Президентте


Салам Медиа адам укуктарын, толеранттуулук идеяларын жана региондун калкынын арасында сергек жашоо образын алдыга жылдыруу максатында 2001-жылы Баткен облусунда негизделген. Салам Медиа 2020-жылдын июлунан 2021-жылдын январына чейин “ЖМК жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда Баткен облусунун жарандарынын кызыкчылыгында диалог” долбоорун ишке ашырды.  Долбоор Баткен облусунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Мындан сырткары долбоор беш шаар – Баткен, Кадамжай, Сүлүктү, Исфана жана Кызыл-Кыяда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугун, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда жарандардын катышуусун жогорулатуу максатында маалыматтык-коммуникациялык саясатты оптималдаштырууну колдоду. Долбоордун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү медиапланды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, стратегиялык пландаштыруу, ЖМК менен кызматташуу жана заманбап коммуникация каражаттарынын жардамы менен жергиликтүү калк менен өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн арттырышты. Журналисттер шайлоону чагылдыруу, укуктук жана этикалык ченемдер, журналисттердин укуктары жана милдеттери, ошондой эле медиасабаттуулук жаатында билимдерин жана көндүмдөрүн жакшыртышты. Ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү жергиликтүү муниципалитеттер жана журналисттер менен натыйжалуу пикир алышууну канкенде жөнгө салcа болорун билишти. Салам Медиа ой-пикирди эркин билдирүүнү колдоонун жана алдыга жылдыруунун маанилүүлүгү, жогорку сапаттагы журналистика, маалыматка жеткиликтүүлүк жана эркин жана демократиялык медиачөйрөнүн башка элементтери тууралуу коомчулукка кеңири маалымдоо үчүн 40 медиапродукт чыгарышты.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышып чыгыңыз:

Баткен облусунда журналисттер үчүн жолугушуу өткөрүлдү

ММК жана шайлоо

Электрондук иш кагаздар (вебинар)

Балдар бакчасындагы азыркы абал


TV1.KG телеканалы берүүсүн 2014-жылдан баштап, акырындык менен Sanarip жана IPTV  санарип телекөрсөтүүлөрү аркылуу бүт Кыргызстанга жана Бишкекке көрсөтүүчү толук кандуу телеканалга айланды. Анын негизги миссиясы – светтик жашоо образын алдыга жылдыруу жана караңгылык менен күрөшүү. 2020-жылдын сентябрынан 2021-жылдын апрелине чейин TV1.KG Медиа Диалог долбоорунун гранттык программасынын колдоосунда гендер, мультикультурализм, экология жана жаңы көндүмдөргө ээ болуу сыяктуу ааламдашуу жана санариптештирүү доорунда артыкчылык берилген темаларда кыргыз тилинде чыгармачылык жана билим берүү материалдарын түздү.

“ТҮСТҮҮ ТАСМА” – жаштардын дүйнө таанымын кеңейтүү жана кызыктуу кыргызстандыктар менен маектешүү жана жергиликтүү окуялар жөнүндө репортаждар аркылуу аларды шыктандырууга багытталган кыргыз тилинде билим берүү телепрограммасы.

“BilimNet” – робототехника, тиркемелерди иштеп чыгуу, билим берүү долбоорлору, стартаптар сыяктуу ж.б. тармактарда ийгиликтерге жетишкен дымактуу жаштар жөнүндө жаш активист жана блоггер Атай Самыйбек баяндаган кыргыз тилиндеги телепрограмма.

“Иш күндүн кечи “ – тандалма телепрогаммаларды түз берүүдө кыргыз тилине котормосу, мисалы Михаил Саакашвили (Грузиянын экс-президенти), Эрика Марат (Вашингтон университетинин профессору), Таалатбек Масадыков (коомдук ишмер), Шамил Ибрагимов (Сорос фондунун директору) менен интервьюлар.

“Бөтөндөрдүн арасында өз” – Кыргызстанда жашаган новозеландиялык Брэд Бреннеманн (бизнесмен) жүргүзгөн интервьюлардын сериясы.


KAKТУС МЕДИА Кыргызстандагы, региондордогу жана бүткүл дүйнөдөгү окуяларды чагылдырган маалыматтык-көңүл ачуучу портал болуп саналат. Медиа Диалог гранттык программасынын  колдоосунда ишке ашырылган “Мамлекеттик органдардын маалыматтарына жеткиликтүүлүк” долбоору мамлекеттик органдарда сакталган маалыматтарга Кыргызстандын жарандарынын жеткиликтүүлүгүн ачыкка чыгарат, 20 мамлекеттик органдын ачык-айкындуулугундагы кемчиликтерди табат жана алардын веб-сайтын алда канча ыңгайлуу жана маалыматтык багытта жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды иштеп чыгат. Долбоордун алкагында жарандардын маалыматка жеткиликтүүлүк талабын жыйноо үчүн Инстаграммда 20 сурамжылоо жүргүзүлгөн, ошондой эле жыйынтыктары кыргыз жана орус тилдеринде 22 макалада жарыяланган жана 22 видеоролик чыгарылган. Натыйжада Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун, Улуттук статистикалык комитетти, Айыл чарба министрлигин кошо алганда бир нече ведомстволор анализге баа беришип, маалыматты кыйла жеткиликтүү кылууга өздөрүнө милдеттенме алышты.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиа продукттар менен таанышып чыгыңыз:

Маалыматка жеткиликтүүлүк. Өкмөттүн сайтынан эмне издейбиз жана анда кандай маалыматтар жок?

Билим берүү жөнүндө эмнени билгиңиз келет? Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында кандай маалыматтар бар экенин тактайлы.

Маалыматка жеткиликтүүлүк. Өкмөттүн сайтын анализдөө


Кыргыз Республикасынын журналисттеринин көз карандысыз бирлиги (ЖКБ) 2016-жылы журналисттердин демилгелүү тобу тарабынан түзүлгөн жана өлкөнүн 200 журналисттин бириктирген саясий эмес, коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын журналисттеринин көз карандысыз бирлиги “Кастык тилин” пайдаланууну мониторинг кылуу жана Кыргызстанда 2020-жылы парламенттик шайлоодо социалдык медиада саясий партиялардын болушу” гранттык долбоорун ишке ашырды. Долбоор социалдык тармактарда мониторинг аркылуу 2020-жылы парламенттик шайлоо маалында саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан кастык тилинин колдонулушу жөнүндө Кыргызстандын жарандарын маалымдоого багытталган. Жыйынтыгын көрсөткөн веб-платформа түзүлүп, жарыяланган маалыматтык жана агитациялык материалдарда кастык тилинин колдонулушун автоматтуу түрдө чогултуп, анализдей турган мониторингдин алгоритми ишке киргизилди.  Алгоритмдин урунттуу бөлүгү – орус жана кыргыз тилдеринде лингвист-эксперттер тарабынан иштелип чыккан тоналдык сөздүк болуп саналат. Сөздүктү түзүү үчүн 20.000ден ашык макаланын тексти пайдаланылды жана сайттарда да, ошондой эле социалдык тармактарда да көп колдонулган сөздөрдүн тизмесин түзүү аркылуу иштелип чыкты. Андан соң эки тилде долбоор үчүн 10 000ден ашык актуалдуу сөздөрдүн тизмеси даярдалды. Долбоордун дагы бир маанилүү аспектиси – социалдык тармактарга эки тилде мониторинг жүргүзүү картинаны толук көрсөтүп берди.

Шайлоолор боюнча фриланс-консультант жана социалдык тармактарда мониторингдин методологиясын иштеп чыгуу жаатында эксперт – Бен Грэм Джонстун макаласы менен таанышыңыз: Кыргызстанда шайлоолордо социалдык медиада “кастык тилин” колдонуу учурларына  мониторинг жүргүзүү.


«Клооп» жаңылык веб-сайты 2007-жылы негизделген жана мында саясатты, укукту жана коррупцияны кошо алганда эң курч темаларды чагылдырган жаш журналисттердин тобу иштешет.  «Клооп» 2020-жылы шайлоолордун алдында жана андан кийин Кыргызстанда кастык тилин жана саясий риториканы коомчулуктун түшүнүүсүн жеңилдетүү үчүн “Таза шайлоолор үчүн социалдык тармактарга мониторинг” гранттык долбоорун ишке ашырды. Клооптун кызматкерлери 2020-жылдын сентябрынан декабрына чейин Кыргызстандагы 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялар менен байланыштуу ондогон аккаунттарды аныктап, анализдеп чыгышты. Социалдык тармактардагы 2000ден ашык билдирүүлөр жана 400 000 комментарийлер көчүрүлүп алынып, кастык тилинин бардыгына анализ жүргүзүлдү. Анализ кастык тили президенттикке айрым талапкерлердин тарапташтарынын билдирүүлөрүндө жана комментарийлеринде көп санда кездешерин көрсөттү. Клооп алган маалыматтарды издөөгө жана аларды ар кыл тегдердин жардамы менен белгилөөгө кеңири коомчулукка мүмкүндүк берген уникалдуу инструмент иштелип чыкты. Инструменттин мурдагы бета-версиясы төмөнкү дарек боюнча жеткиликтүү: https://kloopmedia.github.io/TVchronoscope/#/. Иштөө үчүн тутумга кирүү талап кылынат, бирок ал акысыз жана бардыгы үчүн кандайдыр-бир чектөөлөрсүз. Чогултулган маалыматтарды анализдөөнун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй аналитикалык макалалар чыгарылды:

“Тукумдап көбөйүшүңөргө жол бербейбиз!” Кыргыз бийлиги макул болбогондорду кантип кодулайт.

“Референдум үчүн”, бирок БӨУ жана “Азаттыкка” каршы. Фейктердин жана троллдордун активдүүлүгү жөнүндө айтып беребиз

Шайлоолор боюнча фриланс-консультант жана социалдык тармактарда мониторингдин методологиясын иштеп чыгуу жаатында эксперт – Бен Грэм Джонстун макаласы менен таанышыңыз: Кыргызстанда шайлоолордо социалдык медиада “кастык тилин” колдонуу учурларына  мониторинг жүргүзүү.


ELGEZIT.KG  – актуалдуу темалар боюнча аналитикалык материалдарга адистешкен электрондук гезит. Медиа Диалог гранттык программасынын колдоосунда Elgezit.kg 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда жана коронавирус пандемиясынын шартында аялуу топторго, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга алардын шайлоо укуктары жөнүндө маалымдоо боюнча долбоорду ишке ашырды. Elgezit.kg бул гранттык долбоордун алкагында биринчи кезекте мыйзам менен кепилденген укуктар жөнүндө маалыматтарды мониторинг кылуу, анализдөө, топтоо жана документтештирүү жүргүздү, ошондой эле Кыргызстандын алыскы региондорундагы жарандык коомдун өкүлдөрүн кошо алганда жарандардын кеңири тобуна анализдин жыйынтыктарын таратып, ачык жеткиликтүү кылды. Натыйжада гранттык долбоор шайлоо участкаларында, айрыкча өлкөнүн алыскы айылдык райондорунда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укугун камсыз кылуу боюнча мыйзам талаптарына жооп бербеген көптөгөн мыйзам бузууларды аныктады. Ошондой эле маалыматтык кампания мамлекеттик жана көзөмөл органдарынын көңүлүн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын шайлоо укугун камсыз кылуу көйгөйүнө бурду. Маалыматтык кампаниянын алкагында жарыялангандар социалдык тармактардын 267 978 колдонуучусун камтыган. Мындан сырткары Elgezit.kg аркылуу түздөн-түз сайтта жарыялангандарды 98 841 адам карап чыгышкан.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышыңыздар:

Добуш берүүдө ДМЧА кандай көйгөйлөргө туш болушат?

Бир катар региондордо ДМЧА добуш бере алышпайбы? Көп участоктор алигиче жабдыла элек

КРда 2020-жылы ДМЧАнын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө 500дөн ашык мыйзам бузуулар болгону аныкталган.


ПолитКлиника – журналисттик иликтөөлөргө, фактыларды текшерүүгө, эксперттик бүтүмдөргө, эксклюзивдүү интервьюларга жана саясий дебаттарга адистешкен кыргыз тилиндеги көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаты болуп саналат. ПолитКлиника “Парламенттик шайлоонун алдында Кыргызстанда медиасабаттуулукту жогорулатуу жана маалыматтын аныктыгын текшерүү” долбоорун ишке ашырды, ал кыргыз тилдүү аудиториянын медиасабаттуулугун жогорулатып, шайлоочуларды укуктары менен тааныштырып, сынчыл ой жүгүртүүгө жана көз карандысыз чечим кабыл алууга көмөктөштү. Мындан тышкары редакция так эмес маалыматтардын бетин ачып, саясий партияларды шайлоо учурунда өзүнүн билдирүүлөрү үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды. ПолитКлиника телевизиондук жарнама роликтерди, дебаттарды, чыгып сүйлөөлөрдү, интервьюларды жана жаңылыктарды чыгаруу түрүндө саясий оюнчулардын шайлоо алдындагы убадаларына мониторинг жүргүздү. Жарыялоолор жума сайын чыгарылды. Долбоордун экинчи компоненти маалыматтарды визуалдаштыруунун, инфографикалардын, видео жана интерактивдүү контенттин жардамы менен шайлоочуларды окутуу болгон. Бардыгы болуп 29 жеңил окулган жана редакциялык материалдар чыгарылган – 14 фактыларды текшерүү, 2 чакан иликтөө, 8 видео-түшүндүрүү, 5 макала.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышыңыздар:

“Биримдик” партиясынын сайтындагы маалымат “Единая Россиядан” көчүрүлүп алынган

Партиялардын логотиптери плагиатпы?

Шайлоодо добуш берүү эрежеси кандай?


Govori.TV – негизинен кыргыз, ошондой эле орус тилдеринде берүүлөрдү берген Кыргызстандагы биринчи интернет-телевидение.

Медиа Диалог гранттык программасынын колдоосунда Govori.TV Борбордук шайлоо комиссиясынын, саясий партиялардын, депутаттыкка талапкерлердин, жарандык активисттердин, эксперттердин, медиасектордун өкүлдөрүнүн, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын катышуусу менен «Ачык айт» (Говори открыто) теледебаттарын өткөрдү. Долбоор шайлоочуларга шайлоо процессинин жүрүшү тууралуу маалымдар кылууга жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларын коомдук дебатка тартуу аркылуу ой-пикирлердин плюрализмин колдоого багытталган. Октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин “Ачык айт” берүүсү шайлоо процессинин бардык кызыкдар тараптарына, анын ичинде жарандык коомго чыгып сүйлөөгө жана өз үнүн аудиторияга жеткирүүгө мүмкүндүк түзүп берди.

“Ачык айт” тарабынан 2020-жылы сентябрдын аягынан декабрга чейин маанилүү социалдык-экономикалык темалар жана сөз эркиндиги жана ЖМК эркиндиги менен байланышкан маселелер боюнча 16 эпизод чыгарылган. Берүү көп адамдарга, активдүү жарандарга, саясатчыларга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө талкуулоо үчүн аянтча берген. Долбоор туруктуу болуп чыкты, анткени маалымат агенттигинин каражатына “Ачык айт” берүүсүн чыгаруу уланып жатат жана жума сайын трансляция болууда.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышыңыздар:

Ачык айт: Эски-жаңы депутат. Парламентке ким аттанып жатат?

Ачык айт: «Конституциялык реформаны азыр талкулоо мыйзамсызбы?»

Ачык айт: Форма №2 шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизеби?


“Ысык-Көл толкуну” радиосу 2003-жылы негизделген жана Ысык-Көл облусунун көп бөлүгүн FM 107,7 жана  FM 107,5 жыштыктарында камтыйт. Медиа Диалог гранттык программасынын колдоосунда “Ысык-Көл толкуну” “Шайлоо – 2020. Өлкөнүн келечеги сенин колуңда, туура тандоо жаса!” маалыматтык-агартуу долбоорун ишке ашырды. Долбоор жарандардын шайлоо укугу жана шайлоо процесси тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле жарандарга туура тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган.  2020-жылдын сентябрынан декабрына чейин “Ысык-Көл толкуну” радиостанциясы шайлоо темасында 72 чыгарылышты, анын ичинде “Шайлоо – 2020”,  “Бардыгы шайлоо жөнүндө” жана “Сен убада бергенсиң” ток-шоуларын даярдап, чыгарган. Шайлоо процесси темасындагы радиоберүүлөр өзгөчө популярдуу болду, анткени алар видеоформатта жеткиликтүү болуп, радионун командасы мындан ары да видеоформатта контент сунуштоону пландаштырып жатат. Бардык контент кыргыз, ошондой эле орус тилдеринде берилген. “Ысык-Көл толкуну” радиосу жүргүзгөн онлайн-сурамжылоого ылайык, респонденттердин 50%га жакыны шайлоо алдында трансляцияланган радионун контенти  аларга туура тандоого жардам берди деп эсептешет.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышыңыздар:

Шайлоо – 2020. Өлкөнүн келечеги сенин колуңда  

Шайлоо – 2020 -2021. Өлкөнүн келечеги сенин колуңда

Tок-шоу “Шайлоо 2021”


Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги  2013-жылы негизделген жана Кыргызстандын бардык жети облусунан 24 Жамааттык ЖМКларды бириктирет. Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары коомчулуктун активдүү мүчөлөрүнөн – жергиликтүү мугалимдерден, адистерден, жаштардан жана мектеп окуучуларынан турат, алар жергиликтүү окуялар, көйгөйлөр жөнүндө билдиришет жана жергиликтүү бийликке чечимдерди кабыл алуу процессинде жана пландарды түзүүдө жоопкерчиликке, ачык-айкындуулукка дайыма чакырып, кайрылышат. Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги шайлоочуларга шайлоо жөнүндө толук маалымат жана адамдардын туура тандоосуна жардам берүү максатында “Ар бир добуш – Кыргызстандын келечегине салым” гранттык долбоорун ишке ашырды.

Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги 2020-жылдын сентябрынан 2021-жылдын январына чейин шайлоочулардын укуктарын жана милдеттерин, туура жана таза шайлоонун маанилүүлүгүн, добуштарды сатып алуунун кесепетин жана пандемия маалында шайлоо процессин чагылдыруу үчүн шайлоо процесси жөнүндө бир катар маалыматтык аудио-материалдарды жана маалыматтык карточкаларды чыгарды жана таратты. Аудиопрограммалар айыл жеринде коомдук радиостанциялар жана коомдук үн күчөткүчтөр аркылуу угулуп турду. Маалыматтык карточкалар kyrgyzmedia.kg веб-ресурсунда жарыяланып, ошондой эле социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу Кыргызстандын 24 айыл, айылдык аймактарында жана шаарларында таратылган.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышыңыздар:

Шайлоо 2020: Шайлоо процесси кандай болот?

Шайлоо 2020: Эгерде сиз шайлоого барбай койсоңуз…

Шайлоо 2020: Добуш берүүдөгү талаптар

Аймактарда пандемия учурунда шайлоо тилкелеринде жарандардын санитардык коопсуздугу сакталууда


“Жаңы Жүздөр” онлайн гезити 2014-жылы негизделген жана орус жана кыргыз тилдеринде коомдук-саясий жана экономикалык темаларды чагылдырат. “Кыргызстанда партиялык түзүлүш: шайлоо алдындагы убададан чыныгы өзгөрүүлөргө чейин” гранттык долбоорунун алкагында шайлоочуларга туура тандоо жасоого жардам берген парламенттик шайлоо жөнүндө журналисттик материалдардын кеңири спектри даярдалган. Мындан сырткары 2020-жылдын октябрындагы шайлоодон кийинки нааразычылык акциялары учурунда долбоордун алкагында эксперттер менен көптөгөн видеоинтервьюлар, ошондой эле аналитикалык макалалар жана фотоотчеттор даярдалган. Ошондой эле «Новые Лица» саясий окуяларды анализдеген “Жашыруун маанилер” өзүнчө видеопрограммасын баштаган. Айрым медиапродукттар менен төмөнкү шилтемеден таанышыңыздар:

Саясий партиялардын лидерлеринин сурамжылоосу. I бөлүк

Саясий партиялардын лидерлеринин сурамжылоосу.  II бөлүк

Сания Токтогазиева: “Кыргызстанда аялзаты Конституцияны коргоосу кыйын”

“Жашыруун маанилер”. 2-чыгарылыш


АКИpress маалымат агенттиги – Кыргызстанда акыркы окуялар тууралуу жаңылыктарды кыргыз, орус жана англис тилинде жарыялаган Кыргыз Республикасындагы биринчи көз карандысыз маалымат агенттиги. Медиа Диалог гранттык программасынын колдоосунда АКИpress жаңылык порталынын базасында “Активдүү шайлоочу” медиапорталы түзүлүп, мында шайлоодо добуш берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген фото жана видеоматериалдар чогултулган жана дагы топтолмокчу. Контент эки тилде – кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү болгон. Өлкөнүн бардык жети регионунан регионалдык кабарчылар тандалып, чыгармачылык контентти иштеп чыгууга окутулган, натыйжада платформаны пайдалануучулар жана шайлоочулар алардын жергиликүү коомчулугунан журналисттик контент алышты. Бул контент шайлоо процессине катышуунун маанилүүлүгү тууралуу жарандардын маалымдуулугун жогорулатты.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышыңыз:

Панфилов районунун аксакалдары шайлоодо өз добуштарын сатпоого чакырышты

Жогорку Кеңешке шайлоо: Парламентте кимдерди көргүсү келишет?

Шайлоо 2020: аралык, маска, кол кап. Пандемия шартында добуш берүүнүн эрежеси

Жогорку Кеңешке шайлоо: Ысык-Көл районунун жашоочулары болочок депутаттар жөнүндө


Таир Турсуналиев атындагы “Ынтымак” медиамектеби журналисттик материалдарды интерактивдүү визиуалдаштыруу үчүн зарыл болгон жаңы мультимедиалык тиркемелерди колдонуу менен коомдо болуп жаткан окуяларды кесиптик жана көп тараптуу чагылдырууга активдүү жаштарды окутуу үчүн негизделген. Медиа Диалог долбоорунун гранттык компонентинин алкагында “Ынтымак” медиамектеби “Мобилдүү журналистика – таза шайлоо” долбоорун ишке ашырды. Долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын журналисттерин мобилдүү журналистиканын (MOJO) көндүмдөрүнө окутууга багытталган. Натыйжада тренингдин катышуучулары мобилдүү түзүлүштү өздөрүнүн ишинде колдоно башташты. Алар MOJO форматы маалыматты жеткирүүнү тездетүү, медиа-аудиторияны кеңейтүү менен салттуу жана жаңы медиага туура келерин белгилешти. Ошондой эле MOJO өздөштүргөн журналисттер кыйла мобилдүү болуп, социалдык тармактарда иштөөдө жаңы көндүмдөрдү колдонуунун эсебинен медиапродукттардын аудиториясын кеңейте алышты. Шайлоо мезгилинде окутулган журналисттер MOJO форматында “Жарандык көзөмөл” медиапродуктунун 12 чыгарылышын, шайлоо жана шайлоодон кийинки өлкөдөгү саясий окуялар боюнча 16 кэпшн видео жана маалыматтык-агартуу роликтеринин сериясын даярдашты.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышыңыз:

Облустарда эпидемиологиялык абал оорлоп жатат

Жарандык көзөмөл 

Эгемендүүлүктөн кийинки өлкөнүн парламенти


T-Media Group – Кыргызстандын түштүгүндө тездик менен өсүп бараткан ЖМК, ал бардык контентти кыргыз тилинде чыгарып, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусуна багытталган. Анын курамына TMG телеканалы, «Жаш FM» радиосу жана www.t-media.kg. сайты кирет. Медиа Диалог долбоорунун гранттык контентинин алкагында “Партиялык тизме кандай көрүнөт?” жана “Унутулган убадалар” деген макалалар жана видеоматериалдардын сериясы аркылуу туура электоралдык тандоону кабыл алууда жергиликтүү шайлоочуларга жардам берүү үчүн T-Media Group “Талапкерлердин сапаты – парламенттин сапаты” гранттык долбоорун ишке ашырды.

Төмөнкү шилтемелер боюнча айрым медиапродукттар менен таанышыңыз:

Баамдап тандоо жаса

Шайлоо участкасынан сиз аты-жөнүңүздү кантип текшерсеңиз болот?

2015-жылы “Кыргызстан” партиясынын убадалары эсиңиздеби?

Мекенчил партиясынын беш талапкери


Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound