Жаңылыктар

“Медиа Диалог” долбоору алкагында кыргыз тилинде дата журналистика боюнча онлайн тренинг уюштурулат

Урматтуу журналисттер,

Европа Биримдиги каржылаган “Медиа Диалог” долбоору Кыргызстанда медиа чөйрөнүн дараметин ал демократиянын кыймылдаткыч күчү жана стабилизациялоочу фактор катары иш алып бара ала турган кылып чыңдоого багытталган.

Долбоордун иш-чаралары негизги үч компонентке бөлүнөт: кесипкөйлүктү арттыруу, бардык кызыкдар тараптар менен диалог аркылуу ченемдик-укуктук чөйрөнү жакшыртууга көмөктөшүү жана ЖМКлардын экономикалык көз карандысыздыгын чыңдоо.

Долбоордун кесипкөйлүктү арттыруу компонентинин алкагында сиздер үчүн кыргыз тилинде дата журналистика боюнча 40-мүнөттөн жалпысынан 3 тренинг өткөрүлөт.

Окутууну дата-журналист Саадат Тологонова, “Школа Данных” уюмунун өкүлдөрүАлтынай Мамбетова жана Чолпон Узакбаева алып барышат.

Алгачкы онлайн окуутуга 28-апрель күнү саат 14:00де https://bit.ly/3eG1F9r шилтемеси аркылуу катыша аласыз.

Ар бир жаңы тренингдин алдында катталган катышуучуларга ZOOM платформасына шилтеменин жашыруун белгисин жиберебиз, алдын ала ZOOM программанын тиркемесин жүктөп алууңузду суранабыз.

Тренингке компьютер, ноутбук, смартфон аркылуу катышса болот.

Жалпы программа төмөндөгүдөй:

28 – апрель, саат 14:00

Эмне үчүн журналисттер ачык маалыматтар менен иштеши керек?

Кыргызстанда кайсы темаларда дата материалдар чыгат, дата журналистика журналисттерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат, datacheck — редакцияда маалыматтар менен иштөө ыкмаларын кантип колдонуу керек.

29 – апрель, саат 14:00

Кыргызстандагы ачык маалыматтар.

Үйдөн чыкпай керектүү маалыматтарды кантип тапса болот. Негизги маалымат булактарына көз чаптыруу, кандай маалымат булактарына ишенүү керек, маалымат булактарын кантип колдонсо болот, Google Advanced Search эмне үчүн керек.

30 – апрель, саат 14:00

Мультимедиа жана визуалдаштыруу.

Аны дата журналистикада кантип колдонуу керек. Кандай форматтар бар, кемчиликтерди жана артыкчылыктарды талдоо, кандай техникалык ыкмалар керек?

Окууга катышкысы келген журналисттер “Медиа Диалог” долбоорунун коммуникация боюнча координатору Гулайым Шигайбаевага жазып каттоодон өтсөңүздөр болот: +552201234, gulaiymshigaibaeva@epd.eu

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound