Category

Жаңылыктар

Home / Жаңылыктар
Жаңылыктар

Медиа Диалог Маалымат жана Басма сөз күнүнө арналган Жылдык Өнөктөш Медиа конференциясында катышып жатат

13-ноябрда 2020-жылы, Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана Туризм Министрлиги, Медиа Диалог долбоору менен тыгыз кызматташтыкта, Маалымат жана Басма сөз күнүнө арналган Жылдык Өнөктөш Медиа конференциясын уюштуруп жатат. Конференциянын эң негизги темалары COVID-19 пандемиясынын шартында жана пандемиянын кийинки мезгилиндеги маалымат жана санариптик коопсуздуугу; Кыргыз Республикасынын 2025-жылга чейинки маалыматтык саясаты боюнча Концепциясы; маалымат каражаттарынын жана журналисттердин коопсуздуугу; социалдык медианын шайлоого берген таасири, анын ичинде жек көрүү сөздөрүн колдоосу.

Кыргыз Республикасынын 2025-жылга чейинки маалыматтык саясаты боюнча Концепциясы, Медиа Диалог долбоорунун колдоосу менен жана медиа тармактын өкүлдөрүнүн жардамы аркылуу иштетилип чыккан. Концепциянын башталышы Медиа Диалог долбоорунун тарабынан 2020-жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн семинарда ишке ашырып чыккан. Маалыматтык саясаты боюнча Концепциясы Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков сунуштайт.

Андан тышкары, Медиа Диалог долбоорунун Демилгелүү топтун мүчөсү Нурдин Дуйшенбеков 2020-жылы медиа тармагы үчүн алынган сабактары боюнча ой-пикирин жүргүзөт, анын ичинде негизги көйгөйлөр журналисттерге жана блогерлерге социалдык тармактарда кол салуу, ошондой эле сөз эркиндигине шек келтирүү. Дагы бир сөз социалдык тармактардын шайлоого тийгизген таасири, айрыкча 2020-жылдын парламенттик шайлоодо саясий партиялардын агитациясында жек көрүү сөздөрүн колдоо учурларын талкууло жүргүзүлөт.

______________________________________________________________

“Медиа Диалог” долбоору “Стабилдүүлүк жана бейпилдикке түрткү берүүчү курал” Европа Биримдиги аркылуу каржыланып жана 2021-жылдын жазына чейин уланат. “Медиа Диалог” 5 ишкананын конcорциусу: Демократия үчүн Европа өнөктөштүгү, Медиа полиси институту, Жергиликтүү демократия Европалык ассоциациясы, ARTICLE 19, Демократия үчүн Вестминстердик фонду тарабынан ишке ашырылып жатат.

Долбоор тууралуу кеңири маалымат: https://mediadialogue.kg/kg/about-2/

Долбоор тууралуу кеңири маалымат алуу,  азыркы жана болочок мүмкүнчүлүктөр тууралуу кененирээк билүү үчүн, өтүнүч программалык суроолор жана логистика боюнча ассистентибиз Асель Молдокматова менен +996504222408 телефон номери аркылуу же aselmoldokmatova@epd.eu,  долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева менен +996504222407, cholponnogoibaeva@epd.eu электрондук дареги аркылуу байланышсаңыздар болот.

Жаңылыктар

“Медиа Диалог” долбоорунун шайлоодон кийинки окуяларга карата иш-аракеттери тууралуу жаңыланган маалымат

2020-жылдын 4-октябрында өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин болуп өткөн окуялар демократиялык принциптерди, эркиндикти жана укуктук негиздерди сактоонун маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Эгер биз жаңы, эркин, адилет парламенттик жана президенттик шайлоолордогу конструктивдүү жана инклюзивдүү диалогдорго бекем пайдубал түптөгүбүз келсе, кыргыз коомунун ар бир сектору жогорку принциптерди карманышы керек.

“Медиа Диалог” долбоору медиа-секторго тиешелүү маселелер боюнча диалогдорго демократиялык акторлорду тартууну, сапат стандарттарын жана алдыңкы ЖМКлардын иш тажрыйбаларын илгерилетүү жана ЖМКнын эркиндигин шайлоо жана андан кийинки маалдарда коргоону улантууда.

Жакында эле сөз эркиндигине карата коркунуч туулганына карабастан, “Медиа Диалог” көз карандысыз ЖМКлардын коопсуздугун жогорулатуу жана жокко чыгарылган шайлоодон кийинки туруксуз маалда туруктуулукту камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Долбоордун өнөктөштөрү соттордо юридикалык колдоо менен журналисттердин укугун коргоону улантып жатат. “Медиа Диалог” долбоорунун алкагында, коомдук, эл көп катышкан иш-чараларды чагылдырган журналист жана репортерлорду коопсуздук жана тобокелдүү жагдайларды баалоо боюнча жана кызыккан журналисттерге троллингдик чабуулдардын кесепетин жумшартуу үчүн технологиялык жана жүрүм-турумдук куралдарды санариптик жана кибер коопсуздук боюнча окутуу сунушталат.

Ошондой эле “Медиа Диалог” журналисттерге, редакторлорго, медиаторлорго чыр-чатактарды талдоону, чыр-чатактуу жагдайлардагы журналистикага жана репортаждарга сезимтал мамиле кылууну үйрөтүү менен алардын көндүмдөрүн чыңдоону улантууда.

“Медиа Диалог” долбоору өз кызматын аткарып жаткан маалдагы ЖМК кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн COVID-19 инфекциясынан колдонуу каражаттары менен камсыз кылууда.

_________________
Жаңылыктар

«Сөз эркиндиги коркунучта» медиа сектордун өкүлдөрүнүн билдирүүсү

2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча жарандык нааразычылык акциясы өлкөдө укуктук анархия, хаос жана мыйзамсыздык жаратуу үчүн колдонулду.

Жарандардын өмүрү жана коопсуздугу коркунучка кабылды. Мамлекеттик имараттарга, копманиялардын кеңселерине жана ишканаларга чабуул жасалды. Ошондой эле мамлекеттик жана жеке менчик жалпыга маалымдоо каражаттарына да чабуул коюлуп, коркутуулар болуп жатат. Жарандардын Конституция тарабынан бекитилген объективдүү жана ар тараптуу маалымат алуу укуктарын бузуу аракеттери байкалып жатат.

Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын дарегине келип түшкөн коркутуулар системалык мүнөзгө айланып баратат. Мунун себеби – коомчулуктан мыйзамсыз аракеттерди, мыйзамсыз бийлик басып алуу, жарандардын жана мамлекеттин мүлкүн тартып алуу фактыларын жашыруу. Кыргызстандын жарандарынын эркиндиги жана анын эң маанилүү символу – сөз эркиндиги коркунучта.

Медиа тармак сөз эркиндигине укукту буза турган аракеттерге тынчсызданып, мындай нерселерди кабыл албай тургандыгын билдирет. Келип түшкөн коркутууларга карабастан медиа тармактын өкүлдөрү окуяларды ар тараптуу жана объективдүү чагылдырууну уланта берүүнү максат кылып жатышат. Сөз эркиндиги коргоого муктаж.

Медиа тармак Кыргыз Республикасынын Конституциясына таянуу менен төмөнкүлөрдү билдирет:

  • Кандай гана максат болбосун ал бирөөнүн өмүрүнө, ден соолугуна, коопсуздугуна жана менчигине кол салуу фактысын актай албайт.
  • Адамдардын укуктары жана эркиндикетри чектелбеши керек.
  • Саясий процесстин бардык катышуучуларынын талаш-тартыштары укуктук талаанын алкагында, соттук чечимдин негизинде чечилиши керек.
  • Медиа тармак сөз эркиндигин коргоону улантып, маалыматты бурмалоого, цензураны киргизүүгө каршылыгын билдирет.
  • Коомдук кызыкчылыктагы иштер боюнча журналисттик иликтөөлөр улантылат.
  • Журналисттер шайлоодо эл алдында жүргөн, өзүнүн кылган жана кылбаган иштери үчүн сынга кабыла турган жана кабылышы керек болгон (саясий) адамдарга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ыңгайсыз суроолорду узатышат.
  • Медиа сектор коркутууга жана кысымга алынган журналисттерди жана редакцияларды коргойт.

Журналисттер кесиптештерине карата колдоосун жана тилектештигин билдиришет. Ар бир журналистти же жалпыга маалымдоо каражатын коркутуу, аларга кол салуу фактылары жалпы медиа секторго карата кысым болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн жана суверендүүлүгүнүн негизги баалуулугу сөз эркиндигин жокко чыгаруу аракети катары бааланат.

Жаңылыктар

Саясий партиялар Сөз эркиндиги тууралуу келишимге кол коюшту

24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын демилгечилери болгон медиа сектордун өкүлдөрү, саясий партияларга Сөз эркиндиги тууралуу келишимди жана медиа чөйрөсүндөгү реформаларды кандай көрүшөөрүн тааныштырышып, муну менен бирге аталган келишимди колдоону сунушташты.

“Factcheck.kg” интернет порталынын редактору Болот Темиров, өз сөзүндө муну баса белгиледи: ” Медиа сектордун өкүлдөрүнүн жана коомчулуктун журналисттердин, блогерлердин жана социалдык тармактардагы карапайым колдонуучулардын укугун чектеген мыйзам долбоорлоруна каршы чыгып, сөз эркиндигин коргоо үчүн биригип жатканын көрүү чоң кубаныч“.

Мындан тышкары медиа айдыңдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору айтылды.

Парламент тарабынан кабыл алынып жаткан жаңы мыйзамдар жана мыйзам акттары сөз эркиндигинин өнүгүшүн кубаттап жана буга салым кошушу кажет. Эл тарабынан тандалган адамдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өздөрүнүн кылган же кылбаган иштери үчүн сынга кабылышы ыктымал” – деп билдирди “Elgezit.kg” электрондук гезитинин редактору Семетей Аманбеков.

Көз карандысыз журналист Анна Тимофеенко төмөндөгүдөй сунушун айтты: “ЖМКларды, мамлекеттик органдарды жана жарандарды кибер чабуулдардан жана коркунучтардан коргой турган укуктук калканычты түзүү зарыл. Ошондой эле медиа өкүлдөрү тарабынан суралган маалыматты берүүдө мамлекеттик органдар, жергиликтүү башкаруу органдары жана башка мамлекеттик уюмдар үчүн эң кыска мөөнөттө чечип бере ала турган атайын норма иштелип чыгышы керек“.

Жолугушууга шайлоого катышып жаткан 16 саясий партия тең чакырылган. Келишимге алардын ичинен 15и кошулушту: “Биримдик демократиялык партиясы”, “Мекенчил” , ” Ыйман Нуру” , “Мекеним Кыргызстан”, “Реформа”, “Ата Мекен”, “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Кыргызстандын Социал Демократтары”, “Мекен Ынтымагы”, ” Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы”, “Ордо” , “Бир бол”, “Республика” жана “Чоң Казат”.

Муну менен болочок парламентарийлер Сөз эркиндиги тууралуу келишимди жактай тургандыктарын көрсөтүштү. Медиа сектордун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына кирген саясий партиялар сөз эркиндигинин өнүгүүсүнө түрткү берген нормаларды кантип ишке ашыраарына байкоо салып турушмакчы.

Жаңылыктар

Кыргызстандын Медиабиримдиги партияларды Сөз эркиндиги тууралуу келишимди колдоого чакырат

24-сентябрда медиа сектордун өкүлдөрү Жогорку Кеңешке шайлоого ат салышып жаткан саясий партиялар менен жолугушушат. Жолугушуунун башкы темасы – Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоо. Иш-чаранын демилгечилери болочок парламентарийлерге Сөз эркиндиги тууралуу келишимди жана ага кошо медиа, демократия жана адам укугу чөйрөсүндөгү реформаларды жана мыйзамдарды кандай элестетээрин көрсөтүшмөкчү.

Келишимди түзүү идеясы Европа демократиялык өнөктөштүгү тарабынан уюштурулган “Медиа Диалог” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “Кыргызстандагы медиа секторду диалог аркылуу өнүктүрүү” практикалык семинарында келип чыккан. Семинарга журналисттер, медиа эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана медиа уюмдар катышышкан. Аталган иш-чарада Сөз эркиндиги тууралуу келишимди даярдоочу демилгечилер тобу түзүлгөн.

“Медиа Диалог” долбоору демилгечилер тобунун ишине жана өтө турчу жолугушуунун уюштурулушуна шарт түзөт, себеби медиа сектордун жана болочок парламентарийлердин ортосундагы диалог өтө маанилүү.

Жолугушууга катышуу үчүн шайлоого катышып жаткан 16 саясий партияга тең чакыруу жөнөтүлгөн. Чакырууга жооп берүү менен партиялар Сөз эркиндиги тууралуу келишимди жактай тургандыгын көрсөтүшөт. Бул жолугушуу – медиа сектор тарабынан берилген приоритеттер жана сунуштар тууралуу диалог баштоого мүмкүнчүлүк.

Сөз эркиндиги тууралуу келишимди алдыңкы ЖМКлар, журналисттер, бейөкмөт уюмдар, блогерлер, пикир лидерлери жана эксперттер колдоп жатышат. Колдоо иретинде соцтармактарда #ДоговорСвободыСлова #СөзЭркиндик хештеги менен посттор жарыяланып жатат.

Сөз эркиндиги тууралуу келишимди жана өтө турчу жолугушуу тууралуу кабарды “24.kg” , “АКИпресс” маалымат агенттиктери, “Азаттык” радиосу,  “Вечерний Бишкек” маалымат агенттиги, “Новые лица” газетасы, “Factcheck.kg” интернет порталы, “Общественный рейтинг-Кыргызстан” газетасы, “ПолитКлиника” газетасы, “Интерньюс” медиа уюму жана “Журналисты” коомдук уюму жарыялашты.

_____________________________________________________________________________________

“Медиа Диалог” долбоору “Стабилдүүлүк жана бейпилдикке түрткү берүүчү курал” Европа Биримдиги аркылуу каржыланып жана 2021-жылдын жазына чейин уланат. “Медиа Диалог” 5 ишкананын концорциусу: Демократия үчүн Европа өнөктөштүгү, Медиа полиси институту, Жергиликтүү демократия Европалык ассоциациясы, ARTICLE 19, Демократия үчүн Вестминстердик фонду тарабынан ишке ашырылып жатат.

Долбоор тууралуу кеңири маалымат

Долбоор тууралуу кеңири маалымат алуу,  азыркы жана болочок мүмкүнчүлүктөр тууралуу кененирээк билүү үчүн, өтүнүч программалык суроолор жана логистика боюнча ассистентибиз Асель Молдокматова менен +996504222408 телефон номери аркылуу же aselmoldokmatova@epd.eu,  долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева менен +996504222407, cholponnogoibaeva@epd.eu электрондук дареги аркылуу байланышсаңыздар болот.

Жаңылыктар

СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА КЕЛИШИМ

Сөз эркиндиги – демократиялуу, эгемен Кыргызстандын жогорку баалуулугу

Кыргызстандын 29 жылдан берки эгемендүүлүгүндө сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын жана жарандарын чектөө боюнча мезгил-мезгили менен мыйзамдык аракеттер болуп келүүдө. Журналисттерге, блогерлерге дегеле коомдук тармактын колдонуучуларына моралдык кысым көрсөтүү жана күч колдонуу көнүмүш адатка айлангансып баратат!

Ал аракеттердин себеби төмөнкүдө:

  • коомдогу көйгөйлүү саясий, экономикалык, социалдык маселелердин кеңири коомчулукка жеткирилбешине, талкууга алынбашына чара көрүү;
  • коомдун кеңири катмарларынын кызыкчылыктарын чагылдырбаган айрым күчтөрдүн мамлекеттик түзүмдөргө таасирин жашыруу;
  • жашыруун артыкчылык көрсөтүү, паракорчулук жана көмүскө схемаларды жаап жашырган механизмдерди иштеп чыгуу;
  • шайлана турган саясий элитага таасир этүү жана андан жарандардын укуктарынын корголушун, камсыздалышын талап кылуу мүмкүнчүлүктөрүн чектөө.

Сөз эркиндигин чектөө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизээрин медиа коомчулук түшүнүп, сезип турат. Андыктан саясий партиялар менен медиа коомчулук бул багытта шайлоонун алдында биргелешип иш алып барса, ушул терс көрүнүштөрдү жоюуга шарт түзүлүшү мүмкүн.

2020 жылдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан урматтуу саясий партиялар!

Медиа сектордун өкүлдөрү сиздерди демократияны, адам укуктарын жана сөз эркиндигин камсыздоо боюнча жоопкерчиликти алууга чакырат.

Бул келишимди колдоого алганыңар төмөндө айтылгандар менен макул экендигиңерди билдирет:

  • Жогорку Кеңеште кабыл алынган медиа тармакка тиешеси бар мыйзамдар сөз эркиндиги менен ойду эркин билдирүү жаатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек;
  • Шайлоо маалында элге таанылып калган адам, жасаган иши же аракет кылбагандыгы үчүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жүйөлүү жана катуу сынга алынышы мүмкүн.
  • Укук коргоо жана укук колдонуу органдары Сөз эркиндигин чектөөгө колдонбошу керек (мисалы, кечирим суратуу, “жалданма” нааразычылык билдирүү акцияларын уюштуруу ж.б.у.с).
  • Коомдук тармактардын жана ЖМКлардын ишмердүүлүгүн эркин алып баруусун камсыздоо аркылуу жарандардын ар тараптуу маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн арттыруу зарыл;
  • Жокко чыгарылган журналисттер менен сөз эркиндигин коргой турган укуктук нормаларды кайра калыбына келтирип, маалыматка жетүү мыйзамын бузгандыгы үчүн дагы жоопкерчиликти кароо керек;
  • ЖМК жана сөз эркиндигине байланыштуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда тийиштүү медиа адистердин экспертизасынан өткөрүүнү милдеттендирүү зарыл;
  • Медиа тармакты тескей турган укуктук нормативдүү актыларды кабыл алууда ЖМК жана сөз эркинидиги боюнча түшүнүгү бар көз карандысыз медиа өкүлдөрдүн катышуусу камсыздалышы керек;
  • Орто жана жогорку билим берүү программаларына медиасабаттуулук тажрыйбаларын камсыздоочу укуктук нормаларды кабыл алуу зарыл;
  • Медиа тармактын базар экономикасына ылайык өнүгүүсүнө шарт түзгөн укуктук нормативдик актыларды кабыл алуу зарыл;
  • Мамлекеттик каржылоонун негизинде медиа контентти өндүрүү жана аны жайылтуу боюнча жеке менчик ЖМКларга мамлекеттик заказ берүү механизмин иштеп чыгуу зарыл;
  • Санариптик теле жана радио берүүлөр тармагында социалдык пакеттерди түзүүдө ачык-айкындуулук жана коомчулукка жеткиликтүүлүктүү камсыздоо керек (тандоо Сөз эркиндиги менен ЖМК тармагы боюнча көз карандысыз медиа адистердин катышуусунда өтүүсү зарыл).
  • Мамлекеттик ЖМКларды реформалоону, жаңылоону улантуу зарыл.
  • Кибер чабуул менен коркутуудан (DOS\DDOS ж.б.) ЖМКларды, мамлекеттик органдар менен жарандарды укуктук жактан коргоону күчөтүү зарыл;
  • Чет элдик каналдардын берүүлөрүн ыңгайлаштырган учурда да телерадиоберүүлөрдүн 50% дан кем эмеси ата-мекендик жана мамлекеттик тилде болуусу тууралуу талаптар кыргызстандык жана чет элдик ЖМКларга бирдей болушу керек;
  • Коомдук тармакта, дегеле интернет айдыңында пикирин билдиргендиги үчүн адамды жоопкерчиликке тартуу өнөкөтүн токтотуу зарыл;
  • Медиа өкүлдөрүнүн маалыматка жетүү тууралу кайрылууларына мамлекеттик органдар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мамлекеттин үлүшү бар башка уюмдар тез арада жооп берүүсү каралаган нормаларды киргизүү зарыл
  • Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда медиа коомчулук менен журналисттерди өз убагында так жана туура маалымат менен камсыздап туруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын эгемен, демократиялуу өлкө катары өнүгүүсүндө сөз эркиндигинин орду маанилүү экенин сезип билүү менен, 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышкан төмөнкү саясий партиялар бул Сөз эркиндигинин Келишимине кошулаарын тастыктайт.

Демилгелүү топ:

Адиль Турдукулов – журналист-фрилансер
Аманбеков Семетей – “Elgezit.kg” редактор
Бактыгулов Шерадил – башкаруу боюнча экперт
Валиева Тамара – медиаэксперт
Давлетбаев Жанабил – көз карандысыз юрист
Дуйшенбеков Нурдин – www.pr.kg редактору
Исмаилов Эрмек – блогер
Куватова Жылдыз – стратегиялык коммуникация боюнча консультант
Лаишева Аделя – Журналисттик иликтөөлөр фондунун төрайымы
Лаптева Светлана – “Вечерний Бишкек” журналисти
Саралаева Лейла – «Новые лица» онлайн гезитинин редактору
Сатаев Омурбек – Next TV журналисти
Сыдыкова Зауре – бизнес-консультант
Темиров Болот – www.factcheck.kg редактору
Тимофеенко Анна – көз карандысыз журналист
Торобеков Марат – ГИИП юристи
Тулегенов Марс – “Журналисттер” коомдук бирикмесинин башкаруу төрагасы

Гранттык иш-чаралары, Жаңылыктар

​“Медиа диалог” долбоору ЖМК жана соцтармак арасында гранттык конкурс жыйынтыгын чыгарат

“Медиа диалог” долбоору алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу боюнча редакциялык материалдарды басып чыгаруу жана медиа каражаттар менен социалдык тармактарды мониторинг жасоо боюнча конкурстун жыйынтыгын чыгарат.

Долбоор гранттык программанын соңку эки жеңүүчүсүн аныктайт.

Анда маалымадалгандай, гранттык программанын негизги максаты -сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, дебаттарга ачык аянтча бөлүп берген жана мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзгөн медиаларды жана жарандык коомду колдоо болуп эсептелет. Коомду агартуучулук менен алектенип, алар шайлоо процессинин демократиялуулугун камсыз кылмакчы. Биринчи конкурста төрт медиа уюм тандалып алынган, анда маалыматты илгерилетүү, ой-пикир эркиндиги, мамлекеттик органдардын маалыматтык ачык-айкындуулугун камсыздаган иштер ийгиликтүү ишке ашырылгандан кийин гранттык экинчи жана үчүнчү конкурс жарыяланды.

Экинчи конкурс июль айында жарыяланган, ал социалдык түйүндөрдө шайлоо процессинин негизги катышуучулары боюнча кастыкты козутуу, шыкактоо сыяктуу ыкмалардын пайдаланылышына мониторинг жасоого багытталган.

Үчүнчү конкурс август айында жарыяланган. Ал ЖМК өкүлдөрүн алдыдагы парламенттик шайлоону чагылдыруу боюнча редакциялык материалдарды уюштурууга жана талапкерлер ортосунда дебаттарды алып көрсөтүүгө чакыруу болду.

Эки конкурс жарыялангандан кийин эки медиа уюм 30 000 евро турган грантты алууга тандалып алынган, алар медианы жана социалдык тармактарды мониторинг жасашат. Ал эми 9 медиа уюм 5 000 евродон 10 000 еврого чейин жеке гранттарды алат, булар редакциялык долбоорлордун сериясын уюштурат жана долбоор 2 айдан 6 айга чейин созулат. Гранттык программаны ALDA Europe – жергиликтүү демократиянын Европа ассоциациясы башкарат.

Конкурстун жыйынтыгы 9-сентябрда “Медиа диалог” долбоорунун концорциумунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда чыгарылат. Финалисттер менен онлайн жолугушууда долбоордук циклди башкаруу боюнча бет ачар жана долбоорду ишке ашыруу, отчеттун талаптары боюнча сөз жүрөт.

Маалымат үчүн: “Медиа диалог” долбоору Европа бирлигинин “Стабилдүүлүккө жана тынчтыкка түрткү болгон аспап долбоору ” боюнча каржыланат жана ал 2021-жылдын ортосуна чейин созулат. Долбоордун максаты-жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана эркин, жаңжалсыз шайлоону колдоо болуп саналат.

Your consent is required to display this content from youtube - Privacy Settings
Жаңылыктар

​Шерадил Бактыгулов: “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорунда конституциялык негизги принциптер бузулду”

Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алды, эми Президенттин кароосуна жиберилет. Журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул мыйзам сын пикир айткандардын оозун жабуу үчүн колдонулуп, сөз эркиндигин муунтат деген пикирлерин айтып жатат. Ошол эле учурда Президенттен бул мыйзам долбоорун кайтарып алууну өтүнгөн иш-чаралар өтүүдө.

Биз «Сереп» берүүсүндө мына ушул мыйзам долбоору тууралуу кеп кылабыз. Студиябыздын коногу – политолог Шерадил Бактыгулов.

– Шерадил мырза, парламент “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда бир кабыл алып койду. Айрым депутаттар, журналисттер, жарандык коомчулук бул долбоорду кабыл алууда бир катар мыйзам бузуулар болуп жатканына каршылык көрсөтүүдө. Долбоорго сиздин оюңуз кандай?

-Эки окууну бир күндө кабыл алууга атайын абал болуп жатканда негизи мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок мында кандай коркунучтар турат?

Кабыл алынган мыйзам долбоорунда мыйзам ченемдеги эрежелер бузулуп жатат. Биринчиден, Конституцияда, 80-бапта жалпак сөз менен айтканда, республиканын бюджетинен кошумча чыгым келтирилип жатканда Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун кароого мүмкүнчүлүк болот, эгер өкмөт каржылоо булагын аныктаса деп жазылган.

Депутаттар ал мыйзамда кошумча чыгымдардын кереги жок деп жатышат. Чындыгында андай эмес.

Милдеттүү экспертизалар өткөрүлгөн эмес

Биринчиден, финансылык-экономикалык эсептерди көрсөтүш керек, андай экспертиза жок. Депутаттар республикалык бюджеттен каражат кетпейт деп оозеки эле айтып жатат. Бирок аны маданият министрлигинин кызматкерлери аткарат дешет. Алар кандай аткарат, билими, каражаты, убактысы барбы, кошумча функция бул кошумча каражат да. Тилекке каршы, депутаттарыбыз конституциялык негизги принциптерди бузуп коюшту.

Экинчи, укуктук-ченемдик актылар тууралуу мыйзамга караганда, эгер жарандардын конституциялык эркиндиктеринин, милдеттеринин, укуктарынын тиешеси болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын укук тартибин кароого тиешеси болсо, алар укуктук экспертизадан, жарандык укуктарды коргоочу экспертизадан, гендердик. коррупцияга каршы, экологиялык жана башка илимий экспертизадан милдеттүү түрдө өтүшү керек деп көрсөтүлүп турат. Андай экспертизалар жок.

Анан биз кантип ошол депутаттарга ишенебиз?Мыйзамда ар бир сөз, термин так колдонулушу керек. Аталган мыйзам долбоору туура эмес, аны кабыл алууга жол жок. Анан да жыйынга 30 эле депутат катышкан, ал эми добуш бергенде 79и макул болуп чыгып жатат. Бул кандай?

Мыйзамды коомдук талкуулоого чыгарганда да мыйзам менен бекитилген эрежелерди бузуп коюшту. Анда финансылык-экономикалык эсептөөлөр, милдеттүү 5-6 түр экспертиза болушу керек.

Бизнеске жаңы эрежелер киргизилип жатат

-Ошондой эле провайдерлер маалыматты алты ай сакташ керек деп киргизилди. Бул – укуктук жагынан бизнеске жаңы эрежелерди киргизүү болуп жатат. Анда өкмөткө, президентке тапшырганга чейин юстиция министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашуу, эгер ал республикалык бюджеттин каражатына тиешелүү болсо, финансы министрлиги менен милдеттүү макулдашуу жана эгер муну ишкерлик, бизнас катары караганда, алар мамлекет менен иштешип жатканда мамлекет менен макулдашууга милдеттүү. Андай кагаздар жок.

Депутаттар мыйзамды колдоп, өздөрү мыйзамдарды бузуп жатат. Ошондуктан коомчулук ага нааразылыгын көрсөтүүдө.

Кабыл алынган мыйзам иштеп жаткан мыйзамдарга каршы келет

-Депутаттар 61 мыйзам долбоорун бир күндө кабыл алып коюшту. Себеби алардын жумуш мөөнөтү бүтөт, каникулдан келип эле, кайра шайлоого киришет. Ошондуктан мыйзам долбоорлорун дүңүнөн кабыл алып жатышат, чийки мыйзам долбоорлорун добуш берүүгө чыгарып.

Кабыл алган мыйзам биздин иштеп жаткан мыйзамдарга каршы чыгууда. Ушул – маселе болуп жатат.

Президенттин вето коюу укугу алынып салынган

-Анан бизде Президент мыйзам долбооруна вето коюшу керек деп айтып жатышат. Ал туура эмес, себеби Президенттин вето коюу укугу 2010-жылы алынып салынган.

Анан да мыйзам долбооруна кол койбосун деп айтып жатат. Бизде Конституцияда бекитилген, Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорун кабыл алса, Президент кол коет же мыйзамды туура эмес деп, кайра кайтарып жиберет.

Маселени чечүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

-Эгер Президент кол койбосо, Жогорку Кеңештин төрагасы колун коюп эле, ал мыйзам болуп кетет.
Эми маселени чечүүгө мындай мүмкүнчүлүктөр бар:

  • Прокурордук чара көрүүнү көрсөтүү;
  • Президент кайсы эрежелер бузулганын көрсөтүп , Жогорку Кеңешке кайра кайтаруусу;
  • Дагы бир нерсе бар. Биздин тарыхыбызда Жогорку Кеңештин деңгээлинде иштеген эмес, аны сот аркылуу конституциялык эмес же соттун чечиминин негизинде, эгер мыйзам катары күчүнө кирсе, аны сот аркылуу чечсе болот.

Бул маселе журналисттерге же жарандык коомчулукка эле эмес, бардык жарандарга тиешелүү.

-Коронавируска чалдыгып, үйдө болуп жаткан депутаттар да добуш бергендиги аныкталып калбадыбы?

-Эгер депутат бюллетень алып, жумушка чыкпаса, анын добушун жокко чыгарыш керек.Эгер депутат өзү катышпай, ооруп же командировкада болуп калган учурларда анын ордуна башка депутат добуш берсин деп тилкат берет. Эгер тигил же бул депутаттын атынан добуш берилсе, анда ишеним катты көрсөтүшсүн. Эгер андай ишеним кат жок болсо, анын атынан добуш берүү мыйзамсыз. Жогорку Кеңештин регламенти-буйрук менен бекитилген эреже эмес, бул – конституциялык мыйзам.

Мыйзам долбоору артка кайтарылышы мүмкүнбү?

–Кол коюуга жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунун артка кайтарылышы мүмкүнбү?

-Мыйзам чегинде артка кайтаруу мүмкүнчүлүгү бар, негизи Жогорку Кеңештин депутаттарынын эле артка чакырып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок депутаттар эми жумуш мөөнөтүн аяктайт. Мыйзам долбоору 14 күн ичинде кол коюуга жөнөтүлүшү керек. Президент бир айдын ичинде кол коюп же кайра кайтарыш керек, эгер Президент кол койбосо, анда Жогорку Кеңештин төрагасы аны мыйзам катары өзүнүн колу менен бекитип коет.

-Эгер Президент мыйзам долбооруна кол коюп койгон күндө, ал күчүнө кирип калабы?

–Адамдар мыйзамга кол койгондо эле ал күчүнө кирет деп ойлошот. Бирок “Эркин тоо” гезитине чыккандан кийин же атайын норма бекитилип калса, күчүнө кирет.

Фейктерди кантип табат? Биз чоң дайранын кичине булагындайбыз

-Мыйзам долбоорунун демилгечилери бул мыйзам долбоору сөз эркиндигине басым жасалбайт, пикирдин эркиндигине доо кетирбейт, бул фейк-маалыматтар менен күрөшө турган мыйзам болот деп айтып жатышат. Фейктерди технологиясы өнүккөн өлкөлөр да табалбай жатса, биздин табышыбыз мүмкүнбү?

-Бул жакта эки маселе бар: Депутаттар оозеки айтканда айта берсин, бирок Жогорку Кеңештин депутаты мыйзам долбоорунун демилгечиси катары ошол мыйзамды коргоп чыгып жатканда ал өзүнүн пикирин салыштырбай, экспертизанын негизинде жыйынтыгын айтканга милдеттүү болуп жатат. Экспертизаны көрсөтсүн, экспертиза жок.

Ал менин сунушум эмес, ал биздин мыйзамдарыбызда бекитилген. Экспертизаны чыгарып, көрсөтүш керек, позитивдүүбү, негативдүүбү, жакшыбы-жаманбы, кандай натыйжа болот, саясий жагынан, коомчулук тарабынан, экономика жана башка жагынан.

Анан экспертизага алып бара жатканда, мыйзамдар менен бекитилген, эксперттер ушул даярдап жаткан мыйзамдардын долбоорлоруна тиешеси жок адамдар өткөрүшү керек. Мыйзамда ушундай бекитилген.

Анда таблица киргизилиш керек, эмне сунуштар айтылды, кайсы сунуштар кабыл алынды, кайсылары кабыл алынган жок, эмнеси мыйзам долбооруна кирди. Андай таблица жок.

Экинчи маселе, кайсы жол менен иштеш керек? Мисалы провайдерлер менен иштешип жатканда алар менен милдеттүү макулдашуу болушу керек. Андай кагаз жок. Алар талкууга провайдерлер менен чыгарып, экспертизаны алып барышы керек болчу да.

Анан атайын абал киргизилди деп айтылып жатат. Ал проблема эмес да. Аралыктан иштөө деген бар, үйдөн отуруп, эле видеоконференция өткөрүп, талкуулап иштесе болот эле. Эмне үчүн аны Жогорку Кеңештин депутаттары аны колдонгон жок? Ал деле чоң маселе болуп жатпайбы.

Ошону карап жатканда провайдер эмне кылат? Алар 6 ай ичинде маалыматтын баарын сакташ керек. Бизде андай дата-борбор жок. Бизде жаңы салынган дата-борбор бар, бирок аны төлөгөнгө, компьютерди алганга жана башка чоң маселе болуп жатат. Алар фильтрди кандай кылат, фейсбук, ютуб, твиттер булар Кыргызстанда жок да, биз чоң дарыянын кичинекей булагын алып иштетип, колдонуп жатабыз. Биз кантип чоң дарыяны жаба алабыз? Бизге жол жок болуп жатпайбы, биздин жерибизде эмес болуп. Же интернетти жаап салабызбы?

Мыйзам долбоору сөз эркиндигине, пикир айтуу эркиндигине доо кетирет


-Айрым депутаттар, журналисттер, жарандык коом өкүлдөрү айтып жаткандай, “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору сөз эркиндигине, пикир айтуу эркиндигине доо кетиреби?

-Албетте. Себеби ал жакта маалыматты манипуляция деп айтып жатат, ал фейк-ньюс деп айткан жок да, манипуляция деп айтып жатат. Бир маалымат келгенде, мисалы 10 адам бир окуяга күбө болгондо, өзүнүн билимине, деңгээлине жараша ар бири ар башка айтып коет. Муну мен тарыхчы катары айтып жатам, себеби тарыхый булактар көп да. Албетте, аны менен иштегенде биз үйрөнүп жатканда ар кандай тараптарды, булактарды карап, изилдеш керек. Ал манипуляциябы же манипуляция эмеспи, туурабы же туура эмеспи, ким айтат, ким аны чечет? Албетте, ушундай нормалар киргизилип жатканда сөз эркиндигине тиешелүү болуп жатат.

Мисалы маданият министрлигинин кызматкери кайсы критерий менен чечет анын баарын. Сөз эркиндиги бычактай болуп жатат, бычак менен нан кессе болот, эт туураса болот, бирок аны менен кишини деле өлтүрүп койсо болот да. Мындай мыйзамдар өтпөсүн деп бизде мыйзамдар менен бекитилген. Бирок биз күбө болуп жатабыз, ал система иштебей калды. Албетте, баарыбыз каршылык көрсөтүп жатабыз. Мен журналист эмесмин, бирок мен журналисттерди колдоп жатамын.

Менин сайтым жок, бирок сайт ачам десем, ушул мыйзамдын негизинде иштешим керек. Мен редактор болсом, өзүнүн пикирин жеткирген автордун пикирине кантип баа берем, себеби сөз эркиндиги шартында ар бир адамдын өзүнүн пикир билдирүү укугу бар да. Ошол депутаттар жактырыш үчүн материалын кесип саламбы? Бул туура эмес да.

Мыйзам долбоору бир гана маселени чечет– ал депутаттарга каршы чыкпаш керек деген

-Шайлоо жакындап жатат, ушул депутаттар башка саясий партиялар менин аттанып жатканда, ойлонуш керек, ушуларды колдош керекпи же колдобош керекпи .

-Депутаттардын арасында аз сандагы депутаттар, мисалы Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев , Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев ж.б. ондогон депутаттар эле мыйзамга каршы добуш берди. Көпчүлүгү колдоп жатат. Ошондон улам бул кандайдыр башкалардан келген тапшырма эмеспи деген суроо туулат.

Чоң маселе болуп жатканы бул мыйзамдар кабыл алынып жатканда коомчулук арасында турган кандай маселени чечип жатат? Андай жок болуп жапайбы. Кабыл алынса бир эле маселени чечет, ал -Жогорку Кеңештин депутаттарына каршы чыкпагыла деген.

Негизи маселе- өзүбүздүн, кыргыз жарандарынын арасында кандай мамиле болот, ошол болуп жатат. Ал – негизги, баалуу маселе.

Баарын мыйзам чегинде чечсе болот. Биздин депутаттар бардык процедураларды бузган.

-Мыйзам долбоорунун башка өлкөлөрдүкүнөн көчүрүлүп алынганын журналисттер аныктап чыкпадыбы….

-Көчүргөнү деле маселе эмес. Бизде моделдик мыйзам чыгаруучулук деген бар, коомчулук арасында мамиле болгондо, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын караганда маселе жок. Алардын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын коомчулугуна ылайыктуу болобу же болбойбу, биздин өлкөбүз өнүгөбү же өнүкпөйбү, ушундай мыйзамдарды кабыл алып жатканда.

Мисалы, АКШда мыйзамдарды кабыл алып жатканда ички дүң продукциясы канчага көбөйөт деп карашат. Бизде да ошондой критерийлер милдеттүү деп бекитилген, бирок аны караган эч ким жок. Алар үчүн деле маселе бир жактан чыкты, коомчулукка ылайыгына карата чечип жатат. Биздики эмнеге түзмө-түз эле көчүрүлүп жатат. Кабыл алган мыйзам долбоорлорубуз кандай иштейт? Мыйзам кабыл алганда биз аны кандайча колдонобуз, кеп ошондо.

-Жыйынтыгында ушулардын баарын көрсөтүп, анан кайрылуу керек турбайбы…

–Президент мененби, башкы прокурор мененби,соттор мененби, юридикалык тил менен сүйлөшүү керек, аларга процедуралардын бузулганын. Субъект жок, так эмес, эмнени карап жатасыңар белгисиз, бул чийки мыйзам долбоору экени көрүнүп жатат.

Мыйзам катары бекитилип калса деле аны мыйзамсыз деп, Конституцияга ылайык эмес деп эле Президенттин күчү жетпесе, анын вето укугу жок болуп, бирок колун койбосо. Жогорку Кеңештин төрагасы кол коюп койсо эле мыйзам катары болуп. Президенттин азыр бир гана укугу бар, Жогорку Кеңешке кайтарганга. Жогорку Кеңеш төрагасы кол коюп эле алат. 2010-жылы кабыл алынган, ал тарыхыбызда биринчи жолу колдонулат.

Мыйзамдарды колдонуп, ушул долбоорду кабыл алып жатканда мыйзам бузду деп көрсөтсө болот. Бул мыйзам долбоору мыйзамсыз, Конституцияга ылайык эмес деп чечсе болот.

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө политолог Шерадил Бактыгулов Президенттин кол коюусуна жөнөтүлө турган“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун кемчил жактары, Президент эмнеге мыйзам долбооруна вето коё албай тургандыгы, абалды кантип жеңип чыкса болот, ушул тууралуу айтып берди.

Маектешкен Айгүл Бакеева

Сүрөт жана видео: “ПолитКлиника” медиасы.

 

Жаңылыктар

Гранттык программа боюнча маалымат сессиясы

Урматтуу медиа өкүлдөрү,

Эгерде сиз “Медиа Диалог” долбоорунун гранттык программасына катышканы даярданып атсаңыз, анда биздин грант боюнча адистери менен өтө турган маалымат сессиясына чакырабыз. Ал сессияда билдирмени жана бюджеттик форманы толтуруу жана андан тышкары жалпы гранттык программага тиешелүү суроолоруңузга жооп берилет.

Иш-чара 7-майда саат 17:00те https://zoom.us/webinar/register/WN_tPsCWIIsSG6-z8TUEQXUZQ шилтемеси менен онлайн өтөт жана кошумча түрдө https://www.facebook.com/mediadialoguekg баракчабызда түз берүү болот.

Грант сынагына тиешелүү суроолор cholponbolotbekova@epd.eu электрондук дарегине жазуу түрүндө гана 6 – майга чейин кабыл алынат. Электрондук каттагы «Тема» деген сапка «Грант сынагына тиешелүү суроолор» деп белгилеп коюңуз.

Силерди жана кесиптештериңерди күтөбүз!

#media4all

Жаңылыктар

29-апрелдеги вебинарлар

“Медиа Диалог” долбоорунун иш-чаралары негизги үч компонентке бөлүнөт: кесипкөйлүктү арттыруу, бардык кызыкдар тараптар менен диалог аркылуу ченемдик-укуктук чөйрөнү жакшыртууга көмөктөшүү жана ЖМКлардын экономикалык көз карандысыздыгын чыңдоо.

Кесипкөйлүктү арттыруу компонентинин алкагында журналисттер жана медиа өкүлдөрү үчүн вебинарлардын сериясы уюштурулат.

“Медиа Диалог” долбоору Европа Биримдигинин European Union in Kyrgyzstan каржылык колдоосу менен ишке ашырылат.

29-апрелдеги вебинарлар төмөндөгүдөй:

Саат 10:00до “Жаңылыктын түзүлүшү. Аңтарылган пирамида. Аталышы. Лид” вебинарына катышуу ушул шилтеме аркылуу өтүңүз: https://zoom.us/webinar/register/WN_LkdZJMhJQHGWirRrfll-MA

Окутуучу Марат Токоев

Саат 14:00де болсо “Кыргызстандагы ачык маалыматтар” вебинарына катышуу ушул шилтеме аркылуу өтүңүз: https://zoom.us/webinar/register/WN_soSdS1OHSZyCbfdTNVYFUg

Окутуучулар Саадат Төлөгөнова, Алтынай Мамбетова жана Чолпон Узакбаева.

Вебинарларга катышуу акысыз.

#media4all

1 2
Биз жөнүндө

Биздин миссия медиа, маалымат чөйрөсүн изилдөө жана өнүктүрүү саясатын юридикалык жардам менен камсыз кылуу болуп саналат.

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound