“Медиа Диалог” долбоорунун маалыматтык бюллетени
Бишкек, 14 январь, 2021-ж.
Президенттик шайлоонун алдында, 2021-жылдын 8-январында Кыргызстандын коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарынын жана жарандарынын кеңири чөйрөсүнүн атынан Медиа полиси Институту КРнын Ички иштер министри У.О.Ниязбековдун атына кайрылуу жарыялашкан. Кайрылуунун максаты шайлоону чагылдырууда ЖМКнын ишин тоскоолдуксуз камсыз кылуу жөнүндө ИИМдин милдетин эскертүү болуп саналган. “…биз укук коргоо органдары журналистке жарандардын укугуна тийиштүү маалыматты алууга көмөктөшүүгө тийиш деп эсептейбиз, ал эми мыйзамдын бул ченемдери башка жарандар тарабынан бузулган учурда мындай аракеттерди токтотуу жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн чараларды кабыл алуу” деп айтылат кайрылууда.
Шайлоо боюнча филансер консультант жана социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу жаатында эксперт Бен Грэм Джонс, Вестминстер демократия фондунун жамааты менен биргеликте, Медиа Диалог долбоорунун алкагында Kloop жана Кыргызстандын журналисттеринин көз карандысыз бирлиги тарабынан биринчи жолу киргизилген интернетте кастык тилин колдонуу учурларына мониторинг жүргүзүү инновациялык ыкмасы тууралуу айтат. Толук макаланы был жерден окуңуз: Кыргызстанда шайлоолордо социалдык медиада “кастык тилин” колдонуу учурларына мониторинг жүргүзүү.
12-январда Бишкекте Медиа Диалог долбоорунун алкагында блогерлер жана санариптик активисттер үчүн базалык укуктук көндүмдөр боюнча тренинг болуп өттү. Тренерлер катары эксперт-юристтер – “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фондунан Искендер Какеев жана “Эркиндик үнү” КФнун координатору Батыр Болотбеков чыгышты. Тренингдин катышуучулары адам укуктарын жана укук коргоочуларды коргоонун эл аралык жана улуттук механизмдери, жазык сот өндүрүшүнүн негизги этаптары жана жазык сот өндүрүшүнүн түрлөрү менен таанышышты. Юристтер кармоонун жана айыптоонун негиздерин түшундүрүшүп, кармалган учурда өзүнүн укугун кантип коргоо тууралу кеңеш беришти. Ошондой эле интернет чөйрөсүндө укуктук мамилелер темасы козголду.
12-январда Демократия үчүн Европа Өнөктөштүгү Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков менен жолугушту. Тараптар 2020-жылда кызматташуунун натыйжасында жетишилген прогрессти жана мындан аркы кызматташууну талкуулашты. Министр Кадырбеков 2020-жылдагы кызматташтык үчүн ыраазычылыгын билдирип, КРнын маалымат концепциясын иштеп чыгуудагы мындан аркы иштерге каалоосун айтты. Конценцияны иштеп чыгуу 2020-жылдын сентябрында “Диалог аркылуу Кыргызстандын медиа секторун өнүктүрүү” практикалык семинарынын жүрүшүно башталган. Долбоордун менеджери Чолпон Ногойбаева КРнын маалымат саясатынын конценциясын иштеп чыгуу боюнча долбоорлонгон семинар 15-январда ЖМКнын, медиа уюмдардын, багыттоочу сектордун, ММТМнин жана башка мамлекеттик органдардын катышуусунда өтөрүн белгилеп, “Биз медиа секторду, мамлекетти гана эмес, ошондой эле бардык тараптарды, рыноктун кыйла активдүү катышуучуларын конценцияны иштеп чыгуу процессине жана мындан ары ишке ашырылышына катышуулары үчүн тартабыз”, – деди.
Биздин “Медиа Диалог” долбоорубуз Европа Биримдигинин “Стабилдүүлүк жана бейпилдикке түрткү берүүчү куралы” аркылуу каржыланат жана 2021-жылдын аягына чейин уланат. Долбоордун максаты – Кыргызстандагы медиа секторду шайлоого чейинки, шайлоо маалындагы жана шайлоодон кийинки убакыттарда колдоо. Биз медиа акторлордун Кыргызстандын жарандарына шайлоого байланыштуу так жана ынанымдуу контент тартуулашына түрткү берүүчү тренингдерди жана иш-чараларды өткөрөбүз.
Биз басма, онлайн жана телерадиоберүү тармагындагы ЖМКлар менен жана ошондой эле продюсерлер, журналисттер жана онлайн-активисттер менен иштешебиз. Биздин иш-чаралар алардын редакциялык стандарттарын жакшыртууга, санариптик жөндөмдөрүн арттырууга жана контент өндүрүүдө инновациялык методдорду колдонуусуна салым кошот. Биз ЖМК жана эдвокаси чөйрөсүндөгү социалдык пайдалуу долбоорлорго каражат бөлүү менен медиа уюмдарды колдойбуз.
Медиа секторду өнүктүрүүнү көздөгөн диалогдорубуз мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, парламенттин депутаттарын, жарандык коомдун уюмдарын, саясий партияларды өзүнө тартат. Биз ЖМК секторундагы өзүн-өзү башкарууну күчөтүп, аны мурдагыдан ийкемдүү, туруктуу, суроо-талапка ээ, таанымал кылуу максатында медиа коомчулук жана жарандык коом менен кызматташабыз. Биздин кастык тилине каршы багытталган семинар жана гранттык колдообуз, өзүнө жалпыга маалымдоо каражаттарын, чечим кабыл алуучу жактарды, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди камтыйт.
“Медиа Диалог” долбоорунун гранттык колдоосу Кыргызстанда улуттук контентти түзүү жана жогорку сапаттагы журналистиканы колдоо менен медиа-чөйрөнү өнүктүрүүгө жардам берет. Субгранттар медиа ишканаларга, коомчулукка демократиялык медиа-чөйрөнүн түзүүчүсү болгон сөз эркиндигин жана эркин пикир билдирүүнү колдоонун зарылчылыгын, кол жетимдүү маалыматтын баалуулугун түшүндүрүүчү эффективдүү эдвокасы кампанияларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Биздин программа ЖМКларды экономикалык көз карандысыздыкка жеткирүү максатында, монетизация тууралуу семинарлар, санарип контент өндүрүү боюнча инновациялык иш-чаралар жана жаңы медианы жаратуу үчүн инновациялык демилгелерди камтыйт. Мындан тышкары биз Кыргызстандын журналистика багытында билим берген жогорку окуу жайлары жана мекемелери менен иштешүүнү пландап жатабыз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн медиа сферадагы эл аралык жана улуттук эксперттер чакырылууда.
Долбоор тууралуу кошумча маалымат, азыркы жана болочок мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алуу үчүн долбоордун кызматкери Асылгуль Акимжанова менен байланышыңыздар: +996504222405, эл.почта asylgulakimjanova@epd.eu, долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева, cholponnogoibaeva@epd.eu
COVID-19 га байланыштуу өнүгүп жаткан кырдаалда “Медиа Диалог” долбоору өз ишин ДСУнун көрсөтмөлөрүнө жана долбоорго катышкан өлкөлөрдүн ички тартибине жараша улантат.
Биздин максат бенефициарларыбыздын, эксперттерибиздин жана кызматкерлердин өмүрү жана ден соолугун вируска байланыштуу тобокелге салбастан, ошол эле учурда пландалган иштерди жана иш-чараларды аткаруу, долбоордун максаттарынын ишке ашуусуна күч жумшоо жана бүгүнкү чектеген кыйын кырдаалда да долбоордун эффективдүүлүгүн сактоого аракет кылуу.