“Медиа Диалог” долбоору жөнүндө

«Кыргызстанда шайлоо учурунда медиа-секторду реформалоо боюнча бирге иштөө»

Долбоорду Демократия үчүн Европа Өнөктөштүгү башында турган консорциум ишке ашырат

Биздин «Медиа Диалог» аттуу долбоорубуз Европа Биримдиги тарабынан «Туруктуулукка жана тынчтыкка жетүүнү жеңилдетүү инструменти» аркылуу каржыланып, 2021 – жылдын ортосуна чейин уланат.  Долбоор 2020 – жылдын октябрь айында өтө турган парламенттик шайлоого чейинки мезгилди өзүнө камтыйт.  Анын максаты – массалык маалымат каражаттарынын (ММК) мүмкүнчүлүктөрүн шайлоонун конфликтсиз өтүшүн камсыз кылуу үчүн колдонуу.  Кыргызстан жарандары маалыматка негизделген тандоо жасай алышы үчүн биз ММКлардын шайлоого байланышкан так жана ишеничтүү контент даярдоого жардам бере турган дараметти күчөтүүчү тренингдер менен иш-чараларды өткөрөбүз. ММК жаатындагы саясат жана жөнгө салууну реформалоо боюнча бул долбоорду баштоодон мурда, биз өлкөдөгү медиа-ландшафтты жана анын укуктук чөйрөсүн ар тараптуу баалоодон өткөрдүк.

Биз басма, онлайн жана телерадио ММКлар, о.э. продюсерлер, көз карандысыз журналисттер, жана онлайн-активисттер менен иш алып барабыз. Биздин иш-чаралар алардын редакциялык стандарттарын жогорулатууга, санариптик жөндөмдөрүн жакшыртууга жана алар даярдаган контентке инновациялык мамилеге багытталат. Биз ММК жана эдвокаси жаатында чыгармачыл жана социалдык жактан пайдалуу долбоорлорго грант чегерүү аркылуу, шайлоого байланыштуу материалдардын даярдалышын редакциялык гана эмес, каржылык жактан да колдойбуз.

Парламенттик шайлоо учурунда жана андан кийинки мезгилде жагымдуу шарттарды жаратуу максатында, биз ММК жаатындагы саясат тууралуу диалогго мамлекеттик кызматкерлерди, ЖК депутаттарын, жарандык коом уюмдарын жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен анын аймактык бөлүмдөрүнүн мүчөлөрүн чакырабыз. ММК секторунда өзүн-өзү жөнгө салууну күчөтүү жана аны ийкемдүү, туруктуураак кылуу үчүн биз ММК жана жарандык коом жамааттары менен кызматташабыз. Биздин семинарлар жана кампанияларыбыз ММКларды гана эмес, чечим кабыл алуучуларды, саясий партияларды жана депутаттыкка талапкерлерди камтыйт.

«Медиа Диалог» долбоорунун грант программасы Кыргызстанда медиа чөйрөнү жакшыртууга, коомдук байкерликтин баалуулугу жөнүндө пайдалуу контент иштеп чыгууга жана сапаттуу журналистиканы колдоого жардам берет. Ал о.э. грант алуучуларга ММК жаатында реформалоону алга сүрөөгө түрткү берет. Субгранттар медиа мекемелерге пикир билдирүү эркиндигин, сапаттуу журналистиканы, маалыматка жетүүнү, эркин жана демократиялык медиа чөйрөнү түзгөн башка нерселерди колдоо менен аларга дем берүү зарылдыгы жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу максатында натыйжалуураак эдвокаси кампанияларын өткөрүүгө шарт түзөт.

Биздин программа монетизация боюнча семинарларды, санариптик контент иштеп чыгууга арналган инновациялык иш-чараларды жана жаңы медиа ачуу боюнча инновациялык демилгелерди ишке ашыруу аркылуу ММКлардын экономикалык көз карандысыздыгын арттырууга багытталган иш-чараларды өзүнө камтыйт. Андан сырткары, биз Кыргызстандын университеттери жана журналисттик билим берүүчү мекемелери менен алардын окуу пландарын кеңейтүү жана алмашуу прораммалары аркылуу аларды европалык кесиптештери менен байланыштыруу үчүн кызматташууну пландаштырабыз. Биздин бардык иш-аракеттерибиз Консорциумга кирген өнөктөштөр тартуулаган билим булактарын колдонгон түрдүү жергиликтүү жана эл аралык тренерлер жана консультанттар тарабынан ишке ашырылат.

Долбоорго тиешелүү учурдагы жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн биздин коомчулук менен байланыш боюнча адисибиз Гүлайым Шигайбаева менен +996552201234 номуру же gulaiymshigaibaeva@epd.eu аркылуу же долбоордун жетекчиси Чолпон Ногойбаева менен +996504222407 номуру же cholponnogoibaeva@epd.eu электрондук дареги аркылуу байланышууңузду суранабыз.

Долбоорго тиешелүү суроолоруңуз болсо бизге кайрылыңыз
Байланыш
Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound