Жаңылыктар

​Шерадил Бактыгулов: “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорунда конституциялык негизги принциптер бузулду”

Your consent is required to display this content from youtube - Privacy Settings

Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алды, эми Президенттин кароосуна жиберилет. Журналисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул мыйзам сын пикир айткандардын оозун жабуу үчүн колдонулуп, сөз эркиндигин муунтат деген пикирлерин айтып жатат. Ошол эле учурда Президенттен бул мыйзам долбоорун кайтарып алууну өтүнгөн иш-чаралар өтүүдө.

Биз «Сереп» берүүсүндө мына ушул мыйзам долбоору тууралуу кеп кылабыз. Студиябыздын коногу – политолог Шерадил Бактыгулов.

– Шерадил мырза, парламент “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда бир кабыл алып койду. Айрым депутаттар, журналисттер, жарандык коомчулук бул долбоорду кабыл алууда бир катар мыйзам бузуулар болуп жатканына каршылык көрсөтүүдө. Долбоорго сиздин оюңуз кандай?

-Эки окууну бир күндө кабыл алууга атайын абал болуп жатканда негизи мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок мында кандай коркунучтар турат?

Кабыл алынган мыйзам долбоорунда мыйзам ченемдеги эрежелер бузулуп жатат. Биринчиден, Конституцияда, 80-бапта жалпак сөз менен айтканда, республиканын бюджетинен кошумча чыгым келтирилип жатканда Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун кароого мүмкүнчүлүк болот, эгер өкмөт каржылоо булагын аныктаса деп жазылган.

Депутаттар ал мыйзамда кошумча чыгымдардын кереги жок деп жатышат. Чындыгында андай эмес.

Милдеттүү экспертизалар өткөрүлгөн эмес

Биринчиден, финансылык-экономикалык эсептерди көрсөтүш керек, андай экспертиза жок. Депутаттар республикалык бюджеттен каражат кетпейт деп оозеки эле айтып жатат. Бирок аны маданият министрлигинин кызматкерлери аткарат дешет. Алар кандай аткарат, билими, каражаты, убактысы барбы, кошумча функция бул кошумча каражат да. Тилекке каршы, депутаттарыбыз конституциялык негизги принциптерди бузуп коюшту.

Экинчи, укуктук-ченемдик актылар тууралуу мыйзамга караганда, эгер жарандардын конституциялык эркиндиктеринин, милдеттеринин, укуктарынын тиешеси болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын укук тартибин кароого тиешеси болсо, алар укуктук экспертизадан, жарандык укуктарды коргоочу экспертизадан, гендердик. коррупцияга каршы, экологиялык жана башка илимий экспертизадан милдеттүү түрдө өтүшү керек деп көрсөтүлүп турат. Андай экспертизалар жок.

Анан биз кантип ошол депутаттарга ишенебиз?Мыйзамда ар бир сөз, термин так колдонулушу керек. Аталган мыйзам долбоору туура эмес, аны кабыл алууга жол жок. Анан да жыйынга 30 эле депутат катышкан, ал эми добуш бергенде 79и макул болуп чыгып жатат. Бул кандай?

Мыйзамды коомдук талкуулоого чыгарганда да мыйзам менен бекитилген эрежелерди бузуп коюшту. Анда финансылык-экономикалык эсептөөлөр, милдеттүү 5-6 түр экспертиза болушу керек.

Бизнеске жаңы эрежелер киргизилип жатат

-Ошондой эле провайдерлер маалыматты алты ай сакташ керек деп киргизилди. Бул – укуктук жагынан бизнеске жаңы эрежелерди киргизүү болуп жатат. Анда өкмөткө, президентке тапшырганга чейин юстиция министрлиги менен милдеттүү түрдө макулдашуу, эгер ал республикалык бюджеттин каражатына тиешелүү болсо, финансы министрлиги менен милдеттүү макулдашуу жана эгер муну ишкерлик, бизнас катары караганда, алар мамлекет менен иштешип жатканда мамлекет менен макулдашууга милдеттүү. Андай кагаздар жок.

Депутаттар мыйзамды колдоп, өздөрү мыйзамдарды бузуп жатат. Ошондуктан коомчулук ага нааразылыгын көрсөтүүдө.

Кабыл алынган мыйзам иштеп жаткан мыйзамдарга каршы келет

-Депутаттар 61 мыйзам долбоорун бир күндө кабыл алып коюшту. Себеби алардын жумуш мөөнөтү бүтөт, каникулдан келип эле, кайра шайлоого киришет. Ошондуктан мыйзам долбоорлорун дүңүнөн кабыл алып жатышат, чийки мыйзам долбоорлорун добуш берүүгө чыгарып.

Кабыл алган мыйзам биздин иштеп жаткан мыйзамдарга каршы чыгууда. Ушул – маселе болуп жатат.

Президенттин вето коюу укугу алынып салынган

-Анан бизде Президент мыйзам долбооруна вето коюшу керек деп айтып жатышат. Ал туура эмес, себеби Президенттин вето коюу укугу 2010-жылы алынып салынган.

Анан да мыйзам долбооруна кол койбосун деп айтып жатат. Бизде Конституцияда бекитилген, Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорун кабыл алса, Президент кол коет же мыйзамды туура эмес деп, кайра кайтарып жиберет.

Маселени чечүүгө кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

-Эгер Президент кол койбосо, Жогорку Кеңештин төрагасы колун коюп эле, ал мыйзам болуп кетет.
Эми маселени чечүүгө мындай мүмкүнчүлүктөр бар:

  • Прокурордук чара көрүүнү көрсөтүү;
  • Президент кайсы эрежелер бузулганын көрсөтүп , Жогорку Кеңешке кайра кайтаруусу;
  • Дагы бир нерсе бар. Биздин тарыхыбызда Жогорку Кеңештин деңгээлинде иштеген эмес, аны сот аркылуу конституциялык эмес же соттун чечиминин негизинде, эгер мыйзам катары күчүнө кирсе, аны сот аркылуу чечсе болот.

Бул маселе журналисттерге же жарандык коомчулукка эле эмес, бардык жарандарга тиешелүү.

-Коронавируска чалдыгып, үйдө болуп жаткан депутаттар да добуш бергендиги аныкталып калбадыбы?

-Эгер депутат бюллетень алып, жумушка чыкпаса, анын добушун жокко чыгарыш керек.Эгер депутат өзү катышпай, ооруп же командировкада болуп калган учурларда анын ордуна башка депутат добуш берсин деп тилкат берет. Эгер тигил же бул депутаттын атынан добуш берилсе, анда ишеним катты көрсөтүшсүн. Эгер андай ишеним кат жок болсо, анын атынан добуш берүү мыйзамсыз. Жогорку Кеңештин регламенти-буйрук менен бекитилген эреже эмес, бул – конституциялык мыйзам.

Мыйзам долбоору артка кайтарылышы мүмкүнбү?

–Кол коюуга жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунун артка кайтарылышы мүмкүнбү?

-Мыйзам чегинде артка кайтаруу мүмкүнчүлүгү бар, негизи Жогорку Кеңештин депутаттарынын эле артка чакырып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок депутаттар эми жумуш мөөнөтүн аяктайт. Мыйзам долбоору 14 күн ичинде кол коюуга жөнөтүлүшү керек. Президент бир айдын ичинде кол коюп же кайра кайтарыш керек, эгер Президент кол койбосо, анда Жогорку Кеңештин төрагасы аны мыйзам катары өзүнүн колу менен бекитип коет.

-Эгер Президент мыйзам долбооруна кол коюп койгон күндө, ал күчүнө кирип калабы?

–Адамдар мыйзамга кол койгондо эле ал күчүнө кирет деп ойлошот. Бирок “Эркин тоо” гезитине чыккандан кийин же атайын норма бекитилип калса, күчүнө кирет.

Фейктерди кантип табат? Биз чоң дайранын кичине булагындайбыз

-Мыйзам долбоорунун демилгечилери бул мыйзам долбоору сөз эркиндигине басым жасалбайт, пикирдин эркиндигине доо кетирбейт, бул фейк-маалыматтар менен күрөшө турган мыйзам болот деп айтып жатышат. Фейктерди технологиясы өнүккөн өлкөлөр да табалбай жатса, биздин табышыбыз мүмкүнбү?

-Бул жакта эки маселе бар: Депутаттар оозеки айтканда айта берсин, бирок Жогорку Кеңештин депутаты мыйзам долбоорунун демилгечиси катары ошол мыйзамды коргоп чыгып жатканда ал өзүнүн пикирин салыштырбай, экспертизанын негизинде жыйынтыгын айтканга милдеттүү болуп жатат. Экспертизаны көрсөтсүн, экспертиза жок.

Ал менин сунушум эмес, ал биздин мыйзамдарыбызда бекитилген. Экспертизаны чыгарып, көрсөтүш керек, позитивдүүбү, негативдүүбү, жакшыбы-жаманбы, кандай натыйжа болот, саясий жагынан, коомчулук тарабынан, экономика жана башка жагынан.

Анан экспертизага алып бара жатканда, мыйзамдар менен бекитилген, эксперттер ушул даярдап жаткан мыйзамдардын долбоорлоруна тиешеси жок адамдар өткөрүшү керек. Мыйзамда ушундай бекитилген.

Анда таблица киргизилиш керек, эмне сунуштар айтылды, кайсы сунуштар кабыл алынды, кайсылары кабыл алынган жок, эмнеси мыйзам долбооруна кирди. Андай таблица жок.

Экинчи маселе, кайсы жол менен иштеш керек? Мисалы провайдерлер менен иштешип жатканда алар менен милдеттүү макулдашуу болушу керек. Андай кагаз жок. Алар талкууга провайдерлер менен чыгарып, экспертизаны алып барышы керек болчу да.

Анан атайын абал киргизилди деп айтылып жатат. Ал проблема эмес да. Аралыктан иштөө деген бар, үйдөн отуруп, эле видеоконференция өткөрүп, талкуулап иштесе болот эле. Эмне үчүн аны Жогорку Кеңештин депутаттары аны колдонгон жок? Ал деле чоң маселе болуп жатпайбы.

Ошону карап жатканда провайдер эмне кылат? Алар 6 ай ичинде маалыматтын баарын сакташ керек. Бизде андай дата-борбор жок. Бизде жаңы салынган дата-борбор бар, бирок аны төлөгөнгө, компьютерди алганга жана башка чоң маселе болуп жатат. Алар фильтрди кандай кылат, фейсбук, ютуб, твиттер булар Кыргызстанда жок да, биз чоң дарыянын кичинекей булагын алып иштетип, колдонуп жатабыз. Биз кантип чоң дарыяны жаба алабыз? Бизге жол жок болуп жатпайбы, биздин жерибизде эмес болуп. Же интернетти жаап салабызбы?

Мыйзам долбоору сөз эркиндигине, пикир айтуу эркиндигине доо кетирет


-Айрым депутаттар, журналисттер, жарандык коом өкүлдөрү айтып жаткандай, “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору сөз эркиндигине, пикир айтуу эркиндигине доо кетиреби?

-Албетте. Себеби ал жакта маалыматты манипуляция деп айтып жатат, ал фейк-ньюс деп айткан жок да, манипуляция деп айтып жатат. Бир маалымат келгенде, мисалы 10 адам бир окуяга күбө болгондо, өзүнүн билимине, деңгээлине жараша ар бири ар башка айтып коет. Муну мен тарыхчы катары айтып жатам, себеби тарыхый булактар көп да. Албетте, аны менен иштегенде биз үйрөнүп жатканда ар кандай тараптарды, булактарды карап, изилдеш керек. Ал манипуляциябы же манипуляция эмеспи, туурабы же туура эмеспи, ким айтат, ким аны чечет? Албетте, ушундай нормалар киргизилип жатканда сөз эркиндигине тиешелүү болуп жатат.

Мисалы маданият министрлигинин кызматкери кайсы критерий менен чечет анын баарын. Сөз эркиндиги бычактай болуп жатат, бычак менен нан кессе болот, эт туураса болот, бирок аны менен кишини деле өлтүрүп койсо болот да. Мындай мыйзамдар өтпөсүн деп бизде мыйзамдар менен бекитилген. Бирок биз күбө болуп жатабыз, ал система иштебей калды. Албетте, баарыбыз каршылык көрсөтүп жатабыз. Мен журналист эмесмин, бирок мен журналисттерди колдоп жатамын.

Менин сайтым жок, бирок сайт ачам десем, ушул мыйзамдын негизинде иштешим керек. Мен редактор болсом, өзүнүн пикирин жеткирген автордун пикирине кантип баа берем, себеби сөз эркиндиги шартында ар бир адамдын өзүнүн пикир билдирүү укугу бар да. Ошол депутаттар жактырыш үчүн материалын кесип саламбы? Бул туура эмес да.

Мыйзам долбоору бир гана маселени чечет– ал депутаттарга каршы чыкпаш керек деген

-Шайлоо жакындап жатат, ушул депутаттар башка саясий партиялар менин аттанып жатканда, ойлонуш керек, ушуларды колдош керекпи же колдобош керекпи .

-Депутаттардын арасында аз сандагы депутаттар, мисалы Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Мирлан Жээнчороев , Жанар Акаев, Каныбек Иманалиев ж.б. ондогон депутаттар эле мыйзамга каршы добуш берди. Көпчүлүгү колдоп жатат. Ошондон улам бул кандайдыр башкалардан келген тапшырма эмеспи деген суроо туулат.

Чоң маселе болуп жатканы бул мыйзамдар кабыл алынып жатканда коомчулук арасында турган кандай маселени чечип жатат? Андай жок болуп жапайбы. Кабыл алынса бир эле маселени чечет, ал -Жогорку Кеңештин депутаттарына каршы чыкпагыла деген.

Негизи маселе- өзүбүздүн, кыргыз жарандарынын арасында кандай мамиле болот, ошол болуп жатат. Ал – негизги, баалуу маселе.

Баарын мыйзам чегинде чечсе болот. Биздин депутаттар бардык процедураларды бузган.

-Мыйзам долбоорунун башка өлкөлөрдүкүнөн көчүрүлүп алынганын журналисттер аныктап чыкпадыбы….

-Көчүргөнү деле маселе эмес. Бизде моделдик мыйзам чыгаруучулук деген бар, коомчулук арасында мамиле болгондо, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын караганда маселе жок. Алардын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын коомчулугуна ылайыктуу болобу же болбойбу, биздин өлкөбүз өнүгөбү же өнүкпөйбү, ушундай мыйзамдарды кабыл алып жатканда.

Мисалы, АКШда мыйзамдарды кабыл алып жатканда ички дүң продукциясы канчага көбөйөт деп карашат. Бизде да ошондой критерийлер милдеттүү деп бекитилген, бирок аны караган эч ким жок. Алар үчүн деле маселе бир жактан чыкты, коомчулукка ылайыгына карата чечип жатат. Биздики эмнеге түзмө-түз эле көчүрүлүп жатат. Кабыл алган мыйзам долбоорлорубуз кандай иштейт? Мыйзам кабыл алганда биз аны кандайча колдонобуз, кеп ошондо.

-Жыйынтыгында ушулардын баарын көрсөтүп, анан кайрылуу керек турбайбы…

–Президент мененби, башкы прокурор мененби,соттор мененби, юридикалык тил менен сүйлөшүү керек, аларга процедуралардын бузулганын. Субъект жок, так эмес, эмнени карап жатасыңар белгисиз, бул чийки мыйзам долбоору экени көрүнүп жатат.

Мыйзам катары бекитилип калса деле аны мыйзамсыз деп, Конституцияга ылайык эмес деп эле Президенттин күчү жетпесе, анын вето укугу жок болуп, бирок колун койбосо. Жогорку Кеңештин төрагасы кол коюп койсо эле мыйзам катары болуп. Президенттин азыр бир гана укугу бар, Жогорку Кеңешке кайтарганга. Жогорку Кеңеш төрагасы кол коюп эле алат. 2010-жылы кабыл алынган, ал тарыхыбызда биринчи жолу колдонулат.

Мыйзамдарды колдонуп, ушул долбоорду кабыл алып жатканда мыйзам бузду деп көрсөтсө болот. Бул мыйзам долбоору мыйзамсыз, Конституцияга ылайык эмес деп чечсе болот.

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө политолог Шерадил Бактыгулов Президенттин кол коюусуна жөнөтүлө турган“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун кемчил жактары, Президент эмнеге мыйзам долбооруна вето коё албай тургандыгы, абалды кантип жеңип чыкса болот, ушул тууралуу айтып берди.

Маектешкен Айгүл Бакеева

Сүрөт жана видео: “ПолитКлиника” медиасы.

 

Privacy Settings
We use cookies to enhance your experience while using our website. If you are using our Services via a browser you can restrict, block or remove cookies through your web browser settings. We also use content and scripts from third parties that may use tracking technologies. You can selectively provide your consent below to allow such third party embeds. For complete information about the cookies we use, data we collect and how we process them, please check our Privacy Policy
Youtube
Consent to display content from Youtube
Vimeo
Consent to display content from Vimeo
Google Maps
Consent to display content from Google
Spotify
Consent to display content from Spotify
Sound Cloud
Consent to display content from Sound